калем1

Баткен шаарынын мэриясы журналисттер үчүн «Алтын калем» конкурсун жарыялады.  Шаардын ири жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн мыкты чагылдырган журналисттер 7-ноябрга карата «Алтын калем» сыйлыгын кошо ала алышат. Бул жөнүндө вице-мэр Имигүлсүн Рыскулова айтты. Журналисттер үчүн уюштурулган бул конкурс радио, теле жана гезиттер арасында болмокчу. Вице-мэр интернет булактарына жарыялаган мыкты материалдар да эске алынат деди.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу