Биз Евразиялык экономикалык биримдикке Кыргызстандын кызыкчылыктарын сактоо менен кирдик, деп айтылат Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси Каныбек Иманалиевдин билдирүүсүндө.

Анын айтымында, бул кадам КРнын өнөр жайын жандандырат, коопсуздугун бекемдейт, коңшу мамлекеттер менен чек араларды ачат, элдин жашоо деңгээлин көтөрөт.

«Евразиялык экономикалык биримдикке кирер менен бизди кыйын мезгилдер күтүп турбайт деп айтууга болбойт. Бул өткөөл мезгил. Биримдиктин баардык мүчөлөрү мындын өтүшкөн. Бул убактылуу гана мүнөзгө ээ. Мен, биз келечекте алчу пайдалар чоң деп ойлойм. Кийин эмес, эмнеге азыр? Бүгүн, башты бийик көтөрүп биримдикке кирип жана интеграциянын башка мүчөлөрү менен бирдей укукта болуу мүмкүнчүлүгүбүз бар», – деп түшүндүрдү комитет жетекчиси.