прок1

Жалал-Абад областынын прокуратура  органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Коргонуу Кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү багытында коюлган талаптар, КРнын Башкы прокуратурасы   тарабынан   органдарына коюлган талаптарды  аткаруу максатында иш-чаралар жүргүзүлгөн. Жалал-Абад облустук прокуратура органдары тарабынан аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү  багыты боюнча баардыгы болуп 1234 текшерүү жүргүзүүлүп, анын   жыйынтыгы менен 496 каршылык билдирүү, 602 ченемдик укуктук актыларды четтетүү жөнүндө 647 талап, 85 алдын ала эскертүү берилген.  400 тартиптик же административдик өндүрүш иштери козголуп, келтирилген прокурордук чара актылардын негизинде тартиптик жоопкерчиликке 757 кызмат адамы кириптер болушканы бүгүнкү прокуратуранын жыйындар залында болгон коллегияда айтылды.  Ошондой эле административдик жоопкерчиликке  351 кызмат адамдары кириптер болушканы  белгиленди. 

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу