эркин1

Башкы прокуратура Садыр Жапаровдун билдирүүлөрүнө, «Саясаттагы 10 жыл» китебиндеги айтылган маалыматтарды текшерип бүткөндөн кийин баа бере алат. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда парламенттин отурумунда ачыкталды. Бүгүн башкы прокурордун милдетин аткаруучу Темир Бекмаматов Жогорку Кеңешке китептеги маалыматтарды текшерүүнүн жүрүшү боюнча маалымат берди. Бекмаматовдун сөзүнөн кийин депутат Исмаил Исаков, башкы прокурордун милдетин аткаруучуга, С.Жапаровго алтынды чыгарып кетүү боюнча маалымат берген УКМКнын кызматкерлеринин аты-жөндөрүн угузбагандыгына нааразычылык билдирди. «Фамилияларын аташ керек болчу, бирок сиз угузган жоксуз. Анын (Жапаров) жазгандары көптөгөн мамлекеттик жетекчилерге карата шектенүү жаратып жатат», – деди Исаков. Бекмаматов өз кезегинде, Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлерин өзү атабай жаткандыгын билдирди. «Ал өзү, ага келген УКМКнын кызматкерлеринин фамилияларын атабай жатат», – деди ал. «Эгер ушундай болсо, ал бул адамдардын фамилияларын айтсын. Эгер андай эмес болсо, анда ал жоопкерчилик тартышы керек. Мындай билдирүүлөрдү жөн эле кылбаш керек», – деди депутат Эркинүл Иманкожоева.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА