айбийке1

Бурул Ташиева  “Айбийке” үйлөнүү үлпөт салонун өткөн жылдын апрелинен баштап ачкан. Мында үйлөнүү үлпөт кийимдеринен башка улуттук оюлар түшүрүлгөн саркеч кийимдер сатылат, ижирага берилет. Ошондой эле  кыздын себи толугу менен даярдалып, эркектердин калпактары, кементай чапандары, кызды үйдөн узатып жаткандагы кийимдер, келин болуп барганда кие турган кийим кечелерди  жасашат. Күмүштөн сөйкө, билериктери кошо берилет. Үйлөнүү тоюнда кийилүүчү  кыздын көйнөгүнө  кол эмгеги жумшалат. Тепчип, сайма сайып, таштары коюлуп шөкөттөлүп, бугу эне, эненин куту сыяктуу оюлар түшүрүлөт.

“Акыркы кездерде улуттук орнаменттерибиз көп жерлерде пайдалана баштаганы жакшы жөрөлгө. Ал эле эмес,  жакында кыргыз жигитине турмушка чыгып жаткан өзбек,  дунган улутунун кыздары биздин салондон кийинүү үчүн улуттук кийимдерибизден тандап кетишти”,-деп Бурул айым кубанганын жашырган жок.

Бактыгүл КУЛАТАЕВА