Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарында «Ата Журт» жана «Республика» саясий партияларынын биргелешкен съезди өтүп жатат.

Анын жүрүшүндө саясатчылар Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов курамына кирген, жалпысынан 12 мүчөдөн турган президиум шайланды.

Жыйындын жүрүшүндө сөз алган Ө.Бабанов алдыдагы шайлоого жөн гана депутат болуу максаты менен аттангандар үчүн биздин катарбызда орун жок, деп белгиледи.

«Биздин максат өлкөнү өнүккөн беш өлкөгө кошуу. Биздин катарыбызда жөн гана депутат болсом дегендерге орун жок. Бүгүн экономикалык, энергетикалык кризистерге ким жооп берет? Өкмөттүн тезден алмашуусуна ким жооп берет? Газ, көмүр маселелери чечилбей жатат. Бир гана президент аракет кылууда. Бардыгын өзгөртүүгө убакыт келди. Өнүгүүгө мезгил жетти. Ал үчүн президенттик-парламенттик формадагы башкаруу системасын сунушташыбыз керек», – деди Ө.Бабанов.

Эгерде, эл президенттик башкарууну тандап алса, анда Америкалык моделди алышыбыз керек. Аны менен президент барына жооп берет, өкмөт башчы болбойт, деп кошумчалады Ө.Бабанов.