Дастан Бекешев1

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3–окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Дастан Бекешев.

Мыйзам долбоорун 3-окууда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев алып чыкты. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунда мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештери мыйзамдарга карама-каршы келбеген финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартууга укуктуулугу белгиленген. Ошону менен катар Камкорчулук кеңеш билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте келерки жылда республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылбай турган мекеменин керектөөсүн аныктайт. Бул процесске мугалимдер киришпейт, эгерде алар кирише турган болсо алардын жоопкерчилиги карала турганы долбоордо каралган.

Мыйзам долбоорун 2-окууда кароодо депутаттар Айнуру Алтыбаева менен Мамытбай Салымбеков билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештери гана мыйзамдарга карама-каршы келбеген жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн жана кайыр-садагаларынан, башка түшүүлөрдөн түзүлгөн  финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартып келүүсүнүн укуктуулугун эмес мүмкүндүгүн сунушташкан. Демилгечи депутат мындай түзөтүүгө макул.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.