калпак

Кыргыздын  чыгаан  жигиттеринин  демилгеси  менен  5-март Ак  Калпак күнү болуп  белгиленип келүүдө. Кыргыз калпагы, бир караганда жөн гана жашоо-тирчиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн  сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил  жана  жайлуу баш кийим катары көрүнөт. Чынында ушундай, анда  берилип жаткан ар бир түс жана ар бир ою өзүнө таандык  маанини  туюндуруп  турат. Калпак – кыргыздын улуттук көркөм  дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү эркектердин баш кийими. Кыргыз  эли  эл  болуп  түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун,  ыйык  белгиси  катары  маанилүү  шаң-салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө  элине  белгилүү.  5-март калпак күнү көчөдө  бир күн болсо дагы  ак  калпак  кийген жаштар, улуу  муундагы  адамдар жана мектеп  окуучулары  көзгө  жакшы  көрүнүп, кандайдыр бир патриоттуулук  жылуу сезим пайда болот. Ак калпагыбызды ар дайым жумушта,  окууда кайсыл жерде болбосун алтын башыбыздан аянбай, Ала  Тоодой ыйык сактап кийип жүрөлү. Кыргыз болгондон  кийин  ак  калпак кийгенден  эч  качан  арданбашыбыз  керек. Калпак  кыргызга  гана жарашат. Улутубуздун  жүзү  болгон  Ак калпагыбызды кийип,  жаздын башталышын жакшы маанай менен тосуп  алалы.

Самара  КАПАРОВА