Балдардын жана өспүрүмдөрдүн ашкере толуп кетүүсү учурдун актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Жыл санап Кыргызстанда да өспүрүм балдардын толуп кетүүгө тушуккандарынын саны көбөйүп жатат. Арийне толуп кетүү бир гана эндокриндик проблема эмес. Ага башка да факторлор себеп болушу мүмкүн. Мына ушул багытта “Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун” эндокринология бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Нурбековнаны кепке тарттык.

бала

-Нуржамал Нурбековна, өспүрүм балдардын ашыкча салмакка туш болуусуна кандай факторлор себеп болушу мүмкүн?

– Мында генетикалык факторлордун таасири өзгөчө роль ойноору далилденген. Маселен, эволюциялык процессте адамзат азык заттар тартыш мезгилде деле май топтоого мүмкүндүк берүүчү генге ээ болгон. Тажрыйба көрсөткөндөй толук балдардын ата-энелеринин биринде май алмашуу бузулган болот. Көп учурда энесинин таасири балада көбүрөөк байкалат. Ошондой эле кыймылдын аздыгы, майлуу тамактар менен азыктануу, кечинде же түнкүсүн ашыкча тамактануу, ошондой эле үй-бүлөнүн начар турмушу да таасирин тийгизбей койбойт. Албетте, ашкере толуп кетүү олуттуу проблема. Өсүү процессиндеги бала чоңойгондо гипертония, диабет, атеросклероз сыяктуу ооруларга кабылары шексиз.

-Ашкере толуп кетүүнүн терс кесепеттери жөнүндө айтсаңыз?

– Негизинен алар көп сыркоолошот. Мындай балдар ар кандай жугуштуу инфекцияларга туруштук бералышпайт. Травмаларга да көп кабылышат, анткени ар кандай кырдаалдарда алардын реакциялары ыкшоо келишет. Ошол эле учурда көп тердешет, терилери түлөп, экземаларга чалдыгышы да толук мүмкүн. Ашыкча салмактын акыры кан басымдын жогорулашына жана өттөгү таштын пайда болушуна алып келери шексиз. Өтө кубаттуу тамактануу кыздардын мезгилден эрте жыныстык жетилүүсүнө алып келет. Ал эми тескерисинче, эркек балдардын жыныстык өнүгүүсү кечеңдейт.

Ашыкча салмак бала кезде эле тизе жана жамбаш муундарда (остеартроз), омурткаларда ооруксунууларды пайда кылып, кыймылдуулук чектеле баштайт. Мындан тышкары кайсы бир күнү бала өзүнүн келбети үчүн курбалдаштарынан кысынып, тартына баштоосу талашсыз. Мындай стресс абалда жашоо баланын өсүүсүнө тоскоолдук жаратат. Негизинен депрессияга кабылган өспүрүмдөр да, чоңдор да өзүлөрүн тамак-аш, болгондо да таттуу татымдар менен алаксытышат.

-Мындай депрессиялык абалдан кантип чыгууга болот?

-Андай учурларда өспүрүм балдар ата-эненин гана көмөгү менен чыгууга болот. Ушундан улам балдардын тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы келип чыгарын айтып кетишим керек.

– Бул багытта туура тамактануу боюнча айтып берсеңиз?

-Мисалы, канттын өлчөмүн чектеп, тескерисинче крахмалга бай картошка, күрүч жана башкалардан тамак даярдап берүү туура болот. Балдар үчүн кычкыл сүт азыктары, накталай мөмө жемиш ширелерин кайнак сууга аралаштырып берүү пайдалуу. Эгер үй-бүлө менен жалпы тамактанса, балага ашыкча туз берүүгө болбойт. Балдар үчүн күнүмдүк ченем 10 г. туз жетиштүү. Ал эми толук балдарды кандайча тамактандыруу керек деген суроо жаралышы мүмкүн. Ата-эне баланын тамактануу режимин сактоосуна көз салышы керек. Ошол эле учурда аларга ак нандык ордуна кара буудайдан жасалган нан, ботконун ордуна жашылча тамактарды берүү керек. Ал эми сүт азыктарын каалашынча иче беришсе болот. Бирок кондитер таттууларын чектөө зарыл. Тамактанып жаткан мезгилде жашылча салаттарын ашыкча жеш зыяны жок. Ошондой эле калемпир, мурч өңдүү даамды күчөтүүчү экстраактивдүү татымдарды жегизбөөнү сунуштайт элем.

Диетологдордун айтымында толук балдарга буудайдын жана кара буудайдын талкандарын берүү пайдалуу. Аларда ичегилердин иштешин күчөтүүчү азык булалардын негизин түзүүчү бүртүктөр менен пектин заттары организмден ашыкча зыяндуу затттарды айдап чыгууга жөндөмдүү. Натыйжада толуп кетүү учурунда канда ашыкча көп болуучу холестеринди азайтат. Талканды ар кандай тамактарга кошуп берсе да болот. Айталы аны ун менен теңме-тең аралаштырып токоч же башка кондитер азыктарын даярдап берүүгө болот.

-Эмнегедир тез даярдалчу тамактарга балдардын кызыгуусу чоң. Булардын канчалык ден соолукка же ашыкча салмактын пайда болушуна таасири болушу мүмкүн?

Тилекке каршы ата-энелер балдарын рекламалардан көргөн таттуулардан куру калтыргылары келбейт. Мындай азыктарда белоктор, майлар менен көмүртектердин катышы ар кандай өлчөмдө болот. Андан тышкары аларга көптөгөн консерванттар, жытбергичтер жана башка кошулмалар кошулат. Соңку учурларда “ жемиш ширесинин синдрому” түшүнүк пайда болду. Балдарга кадимки суунун ордуна бергиле деп жарнакталып жаткан жемиш ширелери узак мөөнөткө сактоого ылайыкташкан. Алардын тутумунда көп өлчөмдөгү кант жана консерванттар бар. Ошондуктан, жемиш ширелерин үзгүлтүксүз ичире берүү 2-7 жаштагы балдардын бой өсүмүн токтотот, ашказандарын оорутуп, чыргоо кылат. Мындан башка дагы эң эле коркунучтуу алкоголсуз суусундуктар катары “Кола”, “Фанта”, “Балдар шампанын” айтууга болот. Алар толуп кетүүгө гана жол ачпастан, организмдеги кальцийди жууп чыгарып салат. Ошондон улам, диетологдор ширелер менен газдуу суусундуктардын ордуна кайнак суу же накта мөмө-жемиштердин кайнатма суусундуктарын берүүнү сунуш кылышат.

-Балдардын толуп кетүүсүн токтотуп калууга болобу же салмагынын төмөндөшүн камсыздоо мүмкүнбү?

Чындыкты айтыш керек, балдардын толуп кетүүсүн токтотуу оңойго турбайт. Аларга мүнөздөп тамак берүү эмоционалдык туруксуздукка алып келиши мүмкүн. Мындай жагдайды “диеталык депрессия” деп атап жүрүшөт. Ага кабылган балдар мүнөздүү тамактануудан баш тартышат. Ошондуктан, аларга эмне үчүн арыктоо зарыл экендигин жеткиликтүү түшүндүрүп, өзүнүн жеке кызыгуусун арттырууга аракеттенүү зарыл. Кайталап кетейин бул учурда ата-эненин жардамы чоң роль ойнойт. Ошондой эле балдарды мектепте башталгыч класстан тарып, жүрүм-турум эрежелерин окутууда, мына ушул туура тамактануу боюнча да кеп-кеңештерин айтып, баланын туура калыптануусуна мугалимдер да себепчи болушса абдан жакшы болот эле.

Айзада Дүйшөнбаева