22-октябрда мамлекеттик резиденцияда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев жыл ичинде түрдүү спорт түрлөрү боюнча түрдүү мелдештерде жеңишке жетишкен спортчуларды кабыл алды. Иш-чаранын жүрүшүндө жыл ичинде мыкты жыйынтык көргөзгөн 39 спортчу жана алардын машыктыруучулары президенттин колунан акчалай сыйлык алышты. Бул үчүн президенттик фонддон 3 миллион 640 миң сом бөлүнгөн. Ал эми Азия оюндарына бөлүнгөн сумманын ичинен 4 миллион 562 сом сыйлык ээлерине тапшырылды.

Ошондой эле ФИФАнын эл аралык класстагы калысы Бахадыр Кочкаровго жана грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештерде ийгиликтүү иштеген калыс Майрамбек Ахмедовго 100 миң сомдон ыйгарылды.

Кошумчалай кетсек, бул күнү олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнүн ичинен эл аралык мелдештерде ийгиликке жетишкен бильярдчы Каныбек Сагынбаев, кикбоксчу Алексей Федосеев, кол күрөштө ийгилик жараткан Ольга Ярославцева жана самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда байге алган Тилек Аманкулов да акчалай сыйлык алышты.

111

Булак: super.kg