хор хор1

“Ак Шоола” балдар ансамблин бүгүн билбеген адам жок. Бул хор өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Аны түзүп, ушу күнгө чейин жетектеп келе жаткан Гүлмира Эсенгулова да башкаларга окшобогон аялзаты. “Ак Шооланын” 30 жыл бою аты чыгып, эл сүймөнчүгү болуп келатышы Гүлмира эженин балдарга болгон өзгөчө бир аяр сүйүүсүнүн жемиши дээр элек. Шаардагы мектептердин биринде хор кружогу катары байырлап, бирок республика ичинде гана эмес, чет өлкөлөргө да белгилүү болгон балдар хорунун жетекчиси Гүлмира эже менен аны кандайча жетектеп калганы, музыкант болом дебесе да, тагдыр аны кантип музыка дүйнөсүнө алып келип койгону, өзгөлөргө окшобогон өз жолу жана башкалар туурасында маектештик.

Ата-эне талабы жана ички дүйнөнүн музыкадагы чагылышы

– Гүлмира эже, элге жакшы таанымал “Ак Шоола” балдар хорун жетектейсиз. Балдар хоруна кандайча келип калдыңыз, кепти ушул өңүттө баштасак.

– 1985-жылы Искусство институтун бүтүп, дипломду алганда хор түзүп, жетектейм деген оюм жок болчу. Кичинекейимен М.Абдраев атындагы музыкалык мектепте окудум. Ага деле каалоом менен келген эмесмин. Биздин убакта ата-энеңдин айтканы мыйзам болчу. Күндөрдүн биринде борбордогу М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынан мугалимдер келишти. Менин атам театрда иштечү. Атамдар борбордон комиссия келди деп, мени комиссияга алып келишти. Ырдап бер дешти, ырдап бердим. Ошентип биздин Жумгал районунан 4 бала тандалып келдик. Мен үйдүн улуусу элем, үйдү самап, бөбөктөрүмдү сагынып 11-классты бүткөнчө эле жан дүйнөм интернатта жашоого макул болбой жүрүп бүттүм. Ошол үчүн балдардын кулк-мүнөзүн жакшы түшүнөт болушум керек. Ал кездеги балдар азыркыдай эмес болчубуз да, ата-энебиз, мугалимдерибиз айткандан чыкчу эмеспиз. Ата-энемдин зордоосу менен эле бүттүм деп айтсам болот. Абдраевди бүткөндөн кийин Москвага барып, ВГИКке тапшырып, кинорежиссер болгум келди. Балдар кинолорун тартсам деп кыялданчумун. Мындан улам кайсы адистикке барсам деле баары бир балдар менен иштемекмин деп ойлойм. Себеби, 6-7-класста окуп жүргөндө эле балдар үчүн ыр жазып, 1-2-класстарга барып үйрөтүп, алардын чачын тарап, жандарынан чыкчу эмесмин. Мага өзүмдүн курдаштарымдын чөйрөсүнө караганда, кичүүлөрдүкү дайыма кызык болчу. Мектепти бүткөндө атам раматылык режиссерлук кесип аялдын иши эмес, андай болбойт, Өкмөт сага бекер акча коротуптурбу деп койду. Анын үстүнө агайым Укурчинов Алим Усманович да керемет адам эле. Интернатта жогорку класска барганда кетем деп туруп алдым. Агайым “сен укмуш дирижер болосуң, өзүңдүн мүмкүнчүлүктөрүңдү түшүнбөйсүң, дирижер болуш элдин баарынын эле колунан келе бербейт” дей берчү. 8-9-класста “сен хормейстерсиң” деп калчу. Султан Юсупов агайым институтта кафедра башчысы эле. Мага жасаган мамилелеринен улам, кийин ойлосом ал да менден ушундай жөндөмдү көрчү окшойт. Бир күнү Юсупов чакырып жатат дегенинен барсам “кызым, К.Жакыпов атындагы пионерлер үйүндө жалаң кыргыз балдардан турган хор ачабыз, сен сөзсүз ошол жакка баргын, ошондо сен Караколго барбайсың, Фрунзеде каласың” – деди. Мага ушул экинчиси жакты, макул деп барып иштеп калдым. Мына ошондон бери “Ак-Шоолада” иштеп келатам.

– Сиздердин балдар хор ырларын аябай жандуу жана шаңдуу аткарышат. Салттуу хорго окшобойт го?

– Ооба, биз биринчи күндөн эле ушундай ырдап баштаганбыз. Сентябрда окуу башталаар менен биз да пионерлер үйүндө ыр үйрөнүп баштадык. 30 баланы алдым, эжекелеп мага чуркап келишет, аларга кызык болсо керек, а мага алар менен иштеген жагат. Бирок, хор түзүп жатам деп анчалык маани деле берген жокмун. Балдарга 2-3 ыр үйрөтүп койдум, алар тим эле жакшы ырдап жатышат. Анан эки айдан кийин эле ноябрда концерт коем деп чыктым. Пионерлер үйүндө жалаң орус балдардан турган чоң хор бар эле, негедир кыргыз балдар барчу эмес. Менин милдетим – кыргыз балдарга хордо ырдаганды үйрөтүп, анан ошолорго кошуу экен. Мыкты адис Бедрова Евгения Петровна, азыркы “Табериктин” жетекчиси Светличная Галина Василевна баш болуп, баары залда отурушту. Алар биздин хорубузга түшүнбөй калышыптыр. Хордо зыңгырап түптүз туруп ырдашат эмеспи, а менин балдарым отура калып, тура калып, кол чаап эле ырдап жатышса, эч нерсе түшүнгөн жокпуз,- дейт. Евгения Петровна адис хормейстер да, андан “ушинтип ырдаса болобу?” деп сурасак, “билбейм…” деп ийнин куушурду,- дейт. Хормейстер бир карасак балдардын аркасында, бирде балдардын арасына кирип кетип жүрөт. Бул туурабы, туура эмеспи билбейм, бирок кандайдыр бир укмуш кызыктуу нерсе болду,- дейт. Ошентип, бизди тиги хорго кошууга мүмкүн эмес болуп калды, себеби, биз таптакыр башка стилде ырдап кеттик. Ар бир чыгармачыл адамдын өзүнүн табити болот жана ал эмне иш кылса да андан сезилет деп ойлоп калдым. Мисалы, мен азыр деле обончу-композиторлор менен иштейм. Байкаганым ар кимдин мүнөзүнө жараша эле обон чыгат экен. Татаал мүнөздүү адамдын ырлары татаал болот экен, бала кыял адамдардын обону бала кыял, жан дүйнөсү кыялкечтердин ырлары да кыялкеч, мукамдуу болот экен. Анын сыңарындай мен бала мүнөз, эмоционалдуу окшойм. Бала кезимде эле Абдраев мектебинин чоң хору бар эле, абдан күчтүү хор болуп эсептелчү. Ырдаганда мен дайыма эмнеге ушул жерден күлүп, колуңду жайып койсоң болбойт, эмнеге ушул жерден жер тээп койсо болбойт дей берчүмүн. Ырдап жатканда ыргакка жараша башымды кыймылдатсам, башыңды өтө кыймылдатып жатасың деп агай тыя берчү. Сен эмне кылып жатасың, ордуңда туруп ырда, жылбай ырда деп урушуп калчу. Кийин “Ак Шооланы” жетектеп жүргөндө да устаттарымдан тил угуп жүрдүм, дирижер деген ордунда турат, сен эмне үчүн тиги жакка өтүп кеттиң деп аябай катуу урушчу. Бир күнү агайым концертке келди. Кой, агайым отурат, ордумдан жылбай дирижерлук кылайын деп аябай даярдангам. Бир маалда эле агайымды тиктеп туруптурмун. Агай мени аркамдан көрүш керек эле, демек ордумдан басып кетиптирмин да. Аябай коркуп кеттим. Ушундай күндөр болду, канча кыйналдым, бирок бул адатымды таштай албадым.

 “Ак Шооланы” көргөндө жашагың келет”

– Башка өлкөлөргө да барып жүрбөйсүздөрбү? Алар силердин ырдоо стилиңерди кандай кабыл алат?

– 1996-жылы Прибалтикага барганыбызда өзүбүзгө болгон ишеним бекемделди. Прибалтика – бул хор искусствосунун өлкөсү. Ырдабаган киши жок экен. Биздин балдар “Бийлеймин” жана башка ырларыбызды аткарышты. Биздин ырдоо стилибизге аябай таң калышты. Менде кол тамга калтырган дептерим бар, ошого жазышкандардын баары “мындай хорду эч качан көргөн эмеспиз, хор ушундай кооз, көркөм болорун биринчи көрдүк” деп жазышты. Түркмөнстандын “Шатлык” деген бий тобу бар эле, анын жетекчиси Абдулин менен мурда Түркияда да, кийин Түркмөнстанга барганда да жолуктук. Анын дептерге минтип жазганы бар: “Ак-Шоола” хор көркөмдүү, кооз искусство эмес деген стереотипти сындырды”. Ошол киши мени аябай шыктандырып, “ой силер мобу айымды билбейсиңер, бул укмуш” деп көтөрө мактап калчу. Чынында мен бул жактан албаган бааны тыштан алчумун. Ошол Вильнюстан келгенде мен аябай шыктанып, эчтеме өзгөрткүм келбей калды. Балким, 10 кишиге жакпайт чыгармын, бирок балдарга жагат, балдардын дүйнөсү ушундай, аларды тыптынч отургузуп кое албайбыз, алар кыймылдан эс алышат. Эгерде балдар түптүз туруп ырдаса ички эмоциясын чыгара албай калышат. Биз бала кезде Абдраевде ушундай сонун ырларды ырдачубуз: “Если с другом вышел в путь, если с другом вышел в путь” же “а ну-ка, песню нам пропой, весёлый ветер” деп ырдаганда эмнеге колубузду жайып койбойбуз деп ойлой берчүмүн.

Анткени, жан-дүйнөң талап кылып жатпайбы аны. Бала өз эмоциясын чыгарганда ыр өзүнүн көркөмдүгүнө жетет. Балдар “мен кыргызмын, мен кыргызмын” деп чапчаң кыймыл-аракетин көргөзүп, жер тээп ырдаганда тер кетип, бүт эмоциясын чыгарып, ырахат алышат. Ошон үчүн балдар хорго өздөрү каалап келишет. Ал эми кыймыл-аракет баланын ден соолугуна канчалык пайдалуу экенин медицина эбак эле далилдеген. Биз 2 жаштан алабыз. Бизге логопеддердин кеңеши менен кекечтенген балдар да келишет. Хордо ырдоо аларга жардамын тийгизет экен.

Менин балдарым атайын музыкалык мектептин окуучулары эмес, жөнөкөй эле мектепте окушат. Анан мен аларды зыңкыйып туруп алып эле таяк менен жаңсап, дирижердук кылсам ырдап калышпайт да. Аларга жардам беришим керек, алардын үнүн көтөрүп көрсөтүп беришим керек да. Балдар менин ар бир кыймылымды жакшы түшүнөт.

-Бирок, бул силердин өз стилиңер болуп калды да?

-Ооба. Биз хор искусствосуна жаңы стиль киргиздик. 30 жылдан кийин муну так айта алам, көп адистер да белгилешет. Эмне үчүн фестивалдарга баргым келет? Мага ал жакта иштөө кызыктуураак. Эмне үчүн балдар хорлору фестивалдарга көп барышпайт? Себеби, алар хор көрктүү, көркөмдүү искусство эмес деп ойлошот. Хор десе эле чиркөөнүн кийимдерин элестеткен кийимдерди кийип алышып, ырдаганды элестеткендиктен анча кызыгуу жаратпайт. Биздин “Ак Шоола” хор кызыктуу, көркөмдүү боло ала турганын даңазалады деп айтсам болот. Хор кантип ушундай болсун деген көнүмүш кабылдоо да бар. Биз ошон үчүн өзүбүздү акташ үчүн театрлашкан балдар хору деп атап алдык. Шайлообек Дүйшеев: “Хордо баары ноталар менен байкуштай болуп туруп алып ырдаса ырдап, ырдабаса пом, пом, пом деп туруп эле анан кетип калышат го. Эл эмнеге хорго барышат деп ойлочумун. “Ак Шоола” ырдаганда анын концерти бүтпөсө экен деп тилейсиң” – дечү. Ал эми Түгөлбай Казаковдун “Ак Шооланы” көрсөм эле жашагым келет” дегени бизде канаттуу сөз болуп айтылып калды.

Максатым – балдарды искусствого эмес, турмушка даярдоо

-Силерден чыккан балдардан искусство жаатында калгандар барбы?

-Бар, кино жаатында, үн жазуучу студиялуу бар балдар бар. Негизинен балдарым башка адистиктерге эле ээ болушту, бирок кафелерде ырдап жүргөндөрдүн көбү биздин балдар. Менин максатым – балдарды искусствого даярдаш эмес, балдарды турмушка бышык, ар тараптуу өнүккөн жетик болушун каалайм. Мына азыр эле 2 кызымды урушуп, кууп чыктым. “Кош карек” деген сөздү түшүнбөй жатат. Балдарды кыргыз класска которулуусун талап кылам. Улутчулмун дебейм, бирок өзүбүздүн балдар өз тилибизде ырдап жаткандан кийин алар түшүнүү менен ырдашы керек, менин кесибим ошондой. Балдарда адабий түшүнүгү, ой жүгүртүүсү болсо дейм. Чоң энем аябай кыйын киши болгон, бизге көсөнү алып келчи, же өгөө каякта дегенде “ал эмне” дечү болсок аябай тил укчубуз. Биз кичинекейибизде ушундай тарбияландык.

-Сиз өзүңүз обон да жазасызбы?

-“Мээрим”, “Кызбала”, “Ак терек Көк терек”, “Бийлеймин” ж.б. көптөгөн ырларды жаздым. Бирок жалаң өзүмдүкү болбойт да, башка композиторлордун ырларын да ырдайбыз. Менин чыгармачылыгымдын башталышы кайра курууга туш келип калды. Мурда космонавт болом, пионер болом деп ырдасак анын актуалдуулугу кетти. Жаш болчубуз, бизди жашоо баарын кайра курууга муктаж кылды. Бардык жагынан ойлонууга, изденүүгө талап коюлду. Жаңы репертуар түзүш керек болду. Композиторлорго ыр жазып бериңизчи деп кайрылсаң эле жаза койгон учур эмес болчу. Айла жок, ыр жазууга туура келди. Заман өзгөрдү, балдар да заманга жараша башкача, аларга ылайыктап ыр жазуу муктаждыгы жаралды.

 Ар бир бала –өз өлкөсүнүн кичинекей ханзаадасы

-Сиздерди мамлекеттин колдоосундагы хор жамааты деп ойлочубуз. Костюмдар, гастролдор ушунун баарын өз каражатыңарга чечип келет турбайсыңарбы…

-Гастролдорго барганда бизди Президенттин алдындагы хор деп ойлошот. 2005-жылы революция болуп жатканда Екатеринбургга бардык, ошондо ушинтип айтышты. 2010-жылкы революцияда болсо Түркмөнстанга сапар тартканбыз. Ошол убакта балдардын жүрөгү канап, “силерде эмне болуп жатат, байкуш балдар” дешсе, намыстанам дейсиң. Анан сонун костюмдарды кийип алып, супсулуу болуп алышса, тиги жакта тытышып жаткан кыргыздардын балдарыбы дешип таң калышат. Биздин кийимибиз Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстандан келген балдардан кыйла түзүк болчу. Ар бир бала, ар бир кыз өз өлкөсүнүн кичинекей ханышасы, ханзаадасы, алар ханзаададай саркеч кийиниши керек деп эсептейм. Анан сөзсүз эле илгерки кош этек кийимдерди кийгизип, кара жорго бийин бийлетиш максат эмес. Ооба, кыргыз көйнөк болсун, бирок ал саркеч болсун. Ооба, кыргыз элементтери болуш керек, бирок ал заманбап болушу керек. Биздин апалар тогуз жолдун тоомунда, Улуу Жибек жолунун боюнда кош этек чыт көйнөк кийип алып отурган деп эч ойлобойм. Ошол убакта да жаңыча, заманбап, саркеч кийим кийгиси келген айымдар болгон. Анан эле кыргызча андай эмес, мындай деп шалбыратып, бели жок, ийни жок бир укмуштуудай көйнөктөрдү кийгизе беришет. Алтайларга окшоп калыптыр кийимиңер дегенди да уктум. Биз алтайлыктардын эмес, алтайлыктар генетикалык эстеп калган биздин кийимдерди кийип жатат. Мен интернатта өскөм, бирок жан дүйнөм баарына окшош болууга эч качан макул болгон эмес.

-Аябай шок болсоңуз керек?

-Жок, мен жакшы окучумун, көп мугалимдер мени жакшы көрчү. Класс жетекчим, завуч, колдоп турчу, болбосо мен ал жерден кетмекмин. Түз сүйлөчүмүн. Өзүмдүн курдашымды, жакшы көргөн адамдарымды бирөө таарынтууга эч жол берген эмесмин, ал тургай мугалимиме да.

-Ошондо кантип коргочу элеңиз?

-Туура эмес айтып жатасыз деп айта алчумун, аябай коркчумун, бирок айтчумун. Бир мугалимим интернат башчысы болчу, приступ болуп тез жардам келгенде мен өзүмдү күнөөлүү сезип, бир байкуш болгонум эсимде. Анткени, ал чын эле калыс болбой, туура эмес күнөөлөп, чындыкты айтып жаткандарга ишенбей жатты. “Мен 20 жыл иштеп, мындай окуучуларды көргөн эмесмин” дегенде “сиз 20 жыл мугалим болуп иштеп, кимдин чын айтып жатканын биле албасаңыз, эмнеге анча жыл иштегениңизди айтып жатасыз. Калп айткан бала менен чын айтканды ажырата албай жатасыз” деп айтып жибердим. Албетте, бул мугалим эжейиме катуу тийди.

Мына азыр январда 40 бала менен Астанага кетип жатам. Аябай коркуп турам, бирок коркуп жатам деп эле отура беришим керекпи? Мен алып барышым керек, балдар мени сүйүп, ушул жерде жүргөндөн кийин мен да балдардын ишенимин акташым керек. Апалары баланын өнөрүн көрсөтүп Астанага, Түркмөнстанга, Түркияга алып барбайт да.

-40 баланын бүт жол киреси, ал жерде жашаган чыгымдарын ким көтөрөт?

-Биз азыр 100% ата-энелердин колдоосундабыз. Мен балдарымдын ата-энелерине аябай ыраазымын. Балдарды көркөм дүйнөгө аралаштырып, аларды рухий жактан күчтүү болуп өсүп жетилүүсүнө кам көрүүнүн өзү аябагандай чоң иш деп билем.

 Бегим ТУРДАЛИЕВА

 P.S. Жакында Турдубек Чокиев менен Гүлмира Эсенгуловага “Алтын уя” балдар опереттасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды. “Эркин Тоо” гезити жубайларды алган сыйлыктары менен куттуктап, мындан аркы да чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.