беккулуев

Энергетика тармагында эгемендик жылдары ортомчу компаниялар деген түшүнүк пайда болду. Алардын учурдагы аткарып жаткан иштери тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамагенттиктин директору Нурбек Элебаев кабарчыбыз менен ой бөлүштү.

– Нурбек Беккулиевич, 2014-жылы электр энергиясын алып сатууда канча компания ортомчулук иш жүргүздү?

– 2014-жылы республика боюнча жалпысынан, электр энергиясын алып сатууда 17, ал эми 2012-жылы 21 компания ортомчулук иш аткарган. Бүгүнкү күндө 4 компаниянын иши укук коргоо органдары тарабынан токтотулуп, лицензиялары алынган.

– Ортомчу компаниялар негизинен кандай кызмат аткарышат?

– Ушул чакан алып сатуучу компаниялар электр энергиясын «Электр станциялары» жана «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомдорунан түз алып, өзүнүн керектөөчүлөрүнө жеткирет. Ошондуктан, булардын аткарган иши “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ош электр”, “Жалал-Абад электр” сыяктуу бөлүштүрүүчү, ири электр компаниялардын иши менен барабар. Булардын балансында 205 даана көмөк чордон, 433 км электр берүү чубалгылар жана башка энергия жабдуулар бар.

– 2014-жылы алар канча көлөмдө электр энергиясын алып, бөлүштүрдү?

– 2014-жылы сатып алган көлөмү 317,7 млн. кВт/с болуп, ал эми жеткирүүнүн көлөмү 307 млн. кВт/с, же болбосо, иштелип чыккан электр энергиянын 2,3%ын түздү.

– Учурда ошол чакан компаниялар канча абонентти энергия менен камсыз кылат?

– 2015-жылы бөлүштүрүүчү чакан компаниялар 6503 абонентти, анын ичинде «Өнөр жай» категориясында 291, «Тиричилик үчүн керектөөчүлөр» категориясында 5 912, «Башкалар» категориясында 276, «Насостук станциялар» категориясында 11 жана «Бюджеттик» категориясында 13 абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат.

– Бөлүштүрүүчү ири компаниялар менен чакан компаниялардын жоготууларындагы айырма кандай?

– Ири бөлүштүрүүчү компаниялардын жоготуулары 2015-жылы 15%, чакан бөлүштүрүүчү компанияларда 4,4%ды түзөт. Айырмачылык эмненин негизинде келип чыгат? Ири бөлүштүрүүчү компанияларда, биринчиден, жабдуулары эскирип, көбү иштөөдөн чыккан жана өз убагында алмаштырылбайт. Экинчиден, жеткирүүчү чубалгылардын узундугу. Ушундан улам ири бөлүштүрүүчү компаниялар чоң жоготууларга учурайт.

– Алардын тарифтеринде кандай айырма каралган?

– Мисалы, ири бөлүштүрүүчү компания болуп эсептелген «Түндүк электр» ачык акционердик коому үчүн биздин агенттик тарабынан коюлган тариф 57,64 тыйынды түзөт. Ал эми ар бир чакан бөлүштүрүүчү компаниялардын тарифтери керектөөчүлөрдүн түзүмүнө жараша эсептелет, анткени ар бир керектөөчү топко өзүнчө тариф бекитилген (70,205,219 тыйын). Ошондуктан, тиричилик үчүн керектөөчү абоненттерин электр энергиясы менен жабдыган чакан компанияларга 72,9 тыйындан тартып 98,5 тыйынга чейин тариф бекитилген. Тескерисинче, тиричилик үчүн эмес абоненттерди камсыз кылган компанияларга 141,1 тыйындан 187 тыйынга чейин тарифтер бекитилген. Белгилей кетүүчү жагдай, керектөөчүлөргө акыркы тариф менен бирдей сатуу милдети ири компаниялар менен катар чакан компанияларга жүктөлөт. Ошондуктан, чакан компаниялардын акыркы тарифтерине эч кандай үстөк кошулбайт.

 Атай СУЛТАНБЕКОВ