Барпы драмтеатры

Жалал-Абад шаарында «8-Март- Эл аралык аялдар күнүнө” карата салтанаттуу азем 2015-жылдын 6-мартында Барпы атындагы областтык драма театрында өткөрүлөт. Бул иш-чараны өткөрүүдө шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилерине менчик түрүнө карабастан майрамга жамааттары менен активдүү катышууга милдеттендирилди. Белгилей кетсек, майрамды өткөрүүгө шаардык бюджеттен 135 миң сом каралган.

Салтанатка арналган атайын оюн-зоок программалар жана “Апам жана мен” аттуу балдардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

Мейманбү АКЖОЛОВА