Жалал-Абад облустунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева онлайн шартында район-шаарлардын жетекчилери менен табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү

 26-февралда Өкмөттүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева облустун район-шаарларынын жетекчилери менен онлайндык түз байланыш шартында райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери менен облустун аймагындагы автожолдордо күтүлүүчү кар, жер көчкүлөрдүн  алдын алуу, кесепеттерин жоюу райондук жана…
Толугу менен »

Кулунду айыл аймагынын Жаштар уюму окуучуларга «Убакытты туура пайдалануу» деген темада лекцияларды өтүштү

Кулунду айыл аймагынын Жаштар уюму иш пландарынын негизинде 3 күн бою  айыл аймагындагы 8 мектептин окуучулары менен жолугушуп, «Убакытты туура пайдалануу» деген темада лекцияларды өтүштү.  Жаштар уюмунун төрагасынын айтымында, бул жолугушуулар акыркысы эмес жана келерки…
Толугу менен »

Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы тарабынан паспорттун мыйзамсыз берилиши боюнча кылмыш иши козголду

Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргызстандын жарандыгы тууралуу паспорттордун мыйзамсыз берилиши боюнча кылмыш иши козголду. Паспорттук визалык жана каттоо бөлүмүнө жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын жарандыгы  тууралуу паспорт Өзбекстандын 4 жаранына мыйзамсыз берилген.…
Толугу менен »

Кызыл-Кыя шаарында окуучулар арасында тогуз-коргоол жана волейбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү

Кызыл-Кыя шаарында, шаардык кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыковдун Кубогуна карата окуучулар арасындагы тогуз-коргоол жана волейбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке шаардагы 8 мектептен келген 8 кыздар командасы жана 8 балдар командасы катышышты. Тогуз-коргоолдо 2 балдар…
Толугу менен »

“Акыл ордо” таймашы окуучулар арасында кызыгууну жаратууда

Лейлек районундагы  В.И.Ленин атындагы орто мектебинде сабак өтүүнүн ар кандай жаңы усулдары жүз берип, ал окуучулар арасында кызыгууну жаратууда. “Акыл ордо” таймашын өткөрүүнү салтка айландырган анын демилгеси мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Айзада Жумабаевага таандык. Жакында…
Толугу менен »

Майдан айыл аймагында жолдорду оңдоп-түзөө иштери башталат

Кадамжай райондук ДЭП-46 ишканасынын балансында турган Майдан айыл аймагындагы жолдорду оң абалда болуусу үчүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө аталган ишкана көп басым жасоодо. Бул тууралуу жол тейлөө ишканасы маалымдады. Атайын техникалардын жардамы менен жылына 2 жолудан…
Толугу менен »

Кадамжай суу чарба башкармалыгына техникалар алынып келинди

Техникалык кредиттин эсебинен Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына 34471 миң сомдук 7 даана атайын техникалар алынып келинди. Бул маалыматты райондук суу чарба башкармалыгынан билдиришти.   Ал эми райондун аймагындагы 5 Суудан пайдалануучулар ассоциацияларына  6552605 сомдук «Хантер»…
Толугу менен »

Баткендин айылдарында жапырт эрте бышчу картөшкөнү эгүүгө киришти

Бажы союзуна кирдик. Эми мөмө-жемиштерден тарта жер жемиштерге чейин Орусияга сатабыз дешкен Кадамжайдын Халмион, Кыргыз кыштак айылдарында жапырт эрте бышчу картөшкөнү эгүүгө киришти. Май айында түшүмүн жыйнап алуунун аракетин көрүп жатышкан дыйкандар, быйыл картөшкөнүн баасы…
Толугу менен »

Кадамжайда көчөттөн көп киреше тапкандар

Кадамжайдагы Марказ айылынын дыйкандары жылдык кирешелерин көчөт өстүрүп, аны сатуу жолу менен табышат. Аталган аймактын Өкмөт башчысы Махаматмуса Алимбековдун айтуусунда Арпа-Сай айылындагы Нурмаматов Арапбай жыл сайын 10-15 миң жаңы көчөттөрдү өстүрүп, 100 сомдон  250 сомго…
Толугу менен »

ТҮРКСОЙ  сыйлыгынын ээлери Түркияда

Таанымал акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Эркин Тоо”  гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы Карбалас Бакиров эл аралык ТҮРКСОЙ сыйлыгына татыктуу болду. ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын өкүлү Кожогелди Кулуевдин билдирүүсү боюнча 22-февралдан  баштап түрк дүйнөсүнүн ар кайсы…
Толугу менен »

Нарында мектеп окуучуларынын олимпиадасы башталат

  Нарын облустук усулдук билим берүү борборунан алынган маалымат боюнча 2014/2015-окуу жылындагы облустук олимпиада 27-28-февраль күндөрү Нарын шаарындагы №7 орто мектепте өткөрүлөт. Райондордон, Нарын шаарынан жана Нарын кыргыз-түрк менен облустук мектеп лицейлеринен тандалган 201 окуучу республикалык…
Толугу менен »

Нарында тирүү карышкыр кармалды

Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы Карагай-Булак деген кыштоосунда тиричилик кылган Азамат Жунушов менен Тынчтык Токтоналиев аттуу 29-30 жаштагы жигиттердин ургаачы карышкырды 25-февраль күнү капканга кармашкандыгы белгилүү болду. Алар карышкырды 26-февралда Нарын шаарына алып келишкен экен.…
Толугу менен »