Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын начальниги Жамила Талканбаева: “Зордук-зомбулукка кабылган балдардын психикасы бузулат”

Акыркы кезде балдарга карата зомбулук күч алып келет. Үрөй учурган окуялар тилекке каршы, коомубузда улам кайталанууда. Бул кептин учугун улай Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын начальниги Жамила ТАЛКАНБАЕВА менен маектештик. - Жамила…
Толугу менен »

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов: “Системаны бүтүндөй алмаштырганда коррупция жоюлат”

- Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы азыркы парламенти 4 жылдын ичинде сиздин көз карашыңызча көңүлгө толоорлук иштерди жасай алдыбы? - Бул чакырылышта маанилүү мыйзамдар кабыл алынды. Күзгө чейин да бир топ мыйзамдар кабыл алынышы керек. Бирок, парламентти…
Толугу менен »

Глобалдык ысуу артка кайтты, эми муздоо процесси башталабы?

Өнөржайлык революция башталган мезгилден баштап климаттын ысуу тенденциясы жүрө баштаганын окумуштуулар айтып келишти. Изилдөөлөргө ылайык атмосферага парник газдарынын топтолушу түздөн-түз адам баласынын жашоо ишмердигинин кесепети болуп саналат. Көмүр, мунай жана газ адам баласынын жыргал жашоосу…
Толугу менен »

Энергетикалык тармактагы абал турукташты

28-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өлкө экономикасынын жана калктын жылытуу мезгилинен өтүү маселеси боюнча 2014/2015-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын селектордук штабын өткөрдү. Жыйынды ачууда Премьер-министр белгилегендей, акыркы кездерде республиканын энергетикалык…
Толугу менен »

КР Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев: “Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн  ири долбоорлорду ишке ашыруу зарыл”

Өлкөнүн Туруктуу өнүгүү стратегиясында энергетика тармагында бир катар долбоорлор каралган. Кыргызстандагы жылуулук маселеси, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, энергия тармагындагы кырдаал боюнча Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев менен маектештик. - Казакстандан…
Толугу менен »

Үйдөгү жаңжал мамлекетке коркунуч келтиреби?

Мыйзам жана мезгил Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо боюнча социалдык-укуктук чаралар жөнүндөгү” мыйзамы кабыл алынгандан бери 12 жылдын жүзү болду. Он чакты жыл мурда аталган мыйзамды кабыл алууга демилге көтөргөн жарандык уюмдардын аракетин коомчулук мыскылдуу…
Толугу менен »

Бишкек мэриясы 2014-жыл жыйынтыгын чыгарды

Кечээ, 29-январда Бишкек мэриясынын 2014-жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясы Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусу менен өттү. Коллегияда Бишкек мэриясы шаар ичиндеги жолдорду оңдоп түзөө, курулуш, коомдук транспорт, социалдык  сферада аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди. Жыл ичинде Кытай…
Толугу менен »

Тоң району Ардак грамота менен сыйланды

Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев кыргыз элинин маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, облустун аймагында коомдук, маданий иш-чараларга даярдануудагы жана өткөрүүдөгү жогорку патриоттук жоопкерчиликтүү мамилесин жана алгылыктуу иштерин көрсөткөндүгү үчүн Тоң…
Толугу менен »

Ош шаарынын мэри журналист И.Муратовдун операциясы үчүн 100 миң сом берди

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев журналист Исманали Муратовго 100 миң сом акчалай жардам берди. И.Муратов “альвеококкоз” оорусуна чалдыккан. Дарыгерлер бир айдын ичинде чет өлкөдө боорун 80 миң долларга алмаштыруу керектигин айтышкан. Журналисттин жубайы Мехригүл Саитованын…
Толугу менен »

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Конфуций атындагы мультимедиа дарсканасы ачылды

Аталган дарскананын ачылышы менен  жаштардын кытай тилин жана маданиятын өздөштүрүүсүнө түрткү болору жана эки тараптуу маданияттын өнүгүүсүнө  салым кошору, ошондой эле сапаттуу билим алуу үчүн мында бардык шарттардын түзүлгөндүгү белгилүү болду. БГУнун Конфуций атындагы институттун…
Толугу менен »

Башка улуттун өкүлдөрү да улуттук кийимибизди кийишүүдө

Бурул Ташиева  “Айбийке” үйлөнүү үлпөт салонун өткөн жылдын апрелинен баштап ачкан. Мында үйлөнүү үлпөт кийимдеринен башка улуттук оюлар түшүрүлгөн саркеч кийимдер сатылат, ижирага берилет. Ошондой эле  кыздын себи толугу менен даярдалып, эркектердин калпактары, кементай чапандары,…
Толугу менен »

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президенти Ислам Каримовду туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовду туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы урматтоо жана өз ара ишеним принциптерине негизделген Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп кылымдар бою…
Толугу менен »