НарынГЭС1

 Жогорку Нарын каскаддар ГЭСинин курулушунун  токтоп туруусу  жөнүндөгү сөздөргө  эч негиз жок.  Бул  маселе  Нарын ГЭС-1 курулушуна  жакын жайгашкан Дөбөлү айылынын жашоочуларынын  жылдык жыйынында  каскадды куруучулар жана облус жетекчилиги   менен жолугушууда айтылганын “Русгидро” ЖАКтын  басма сөз кызматы билдирди.  Жогорку Нарын электр станцияларынын  куруучулары айылдыктар менен жолугушууда курулуштун жүрүшү жөнүндө айтып берип,  суроолорго жооп берди.

“Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары” ЖАКтын Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары  Александр Халтуриндин айтымында курулуш  планга ылайык  жүрүүдө. Учурда Нарын ГЭС-1де сууну топтоо жана бөлүп чыгаруу, деривациялык канал сыяктуу негизги  участоктордо иш жүрүүдө. Ошондой эле ал каржылоо  да  өз убагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Курулуш компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын  аппарат башчысы Эмил Алымкулов  жумушка кабыл алуу туурасында айтып берди.  Жумушка кабыл алуудагы башкы критерий  адистиги жана иш тажрыйбасы болуп саналат. Бирдей шарттарда  жумушка кабыл алууда жергиликтүү  калкка артыкчылык берилет.  Эмил Алымкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө курулушта иштеп жаткан 15 чакты уюмдардын ичинен бирөөсү гана – “Ленгидропроект”   россиялык, калгандарынын баары жергиликтүү  уюмдар.  Курулушта иштеп жаткан жумушчулардын жарымынан көбүн жергиликтүү калк түзөт.

Андыктан, жергиликтүү активисттердин курулуштун токтоп туруусу жөнүндөгү ушак сөздөргө ишенбөөсү  кажет.  “Русгидронун” жетекчилери бул сыяктуу сөздөрдүн ММКда, ошондой эле расмий трибуналарда айтылышы  курулай  сөз,  курулуштун токтоосу жана  ага байланыштуу  башка чыныгы  факты  жок экендигин айтышты.

Айылдык жыйында  калк тарабынан ар кандай багытта көптөгөн  суроолор болду.

ЖАКтын башкармалыгынын мүчөсү Чоробай Акуновдун пикиринде  жергиликтүү элдин көпчүлүк суроолору  каскаддын куруучуларына эмес,  Өкмөткө жана жергиликтүү бийлик органдарына  багытталышы   керек.   “Курулушчулар өлкөдөгү тариф саясатына жооп беришпейт,  ЖАКта  анын алкагында өздөрү иштеп жаткан өкмөттөр аралык  макулдашууларга таасир этүү укугу жок, ошондой эле алар ар бир  курулуш үчүн алынган жер тилкесине  компенсация төлөй алышпайт. Мындан тышкары  ГЭС каскадын куруу иши кирешесиз,  демек кайрымдуулук иштерин жасоого мыйзамдык мүмкүнчүлүк жок”,- деп белгилейт “Русгидронун” басма сөз кызматы.

  Бегим  ТУРДАЛИЕВА