турганбаев
 Кыргызстандагы криминалдык жагдай, кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү жана ага байланыштуу маселерди чечүүгө Жогорку Кеңештин колдоо көрсөтүүсү жөнүндө маселе каралып жатканда, 2014-жылы Кыргызстанда 27 миң 70 кылмыш катталып, ички иштер органдары тарабынан 18 миң 794 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн» парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында белгилүү болду.

Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин айтымында, 1861 оор жана өтө оор кылмыш болуп саналат. Мисалы, киши өлтүрүү – 308, ден-соолукка атайлап катуу зыян келтирүү – 261, каракчылык менен кол салуулар – 372, талап-тоноолор – 1264, башканын мүлкүн урдоо– 9017, бодо малды урдоо – 979, шектүү кылмыштар – 16302. Курал колдонуу менен 43 кылмыш жасалган.

Ушу тапта 4 уюшкан кылмыштуу топтун 687 мүчөсү бар. Мисалы, Камчы Көлбаевдин тобунда – 501, Азиз Батукаевдин тобунда – 56, Максат Абакировдун тобунда – 75, Алмаз Бокушевдин тобунда -55 адам бар. Өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтун 190 мүчөсү кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ички иштер министри, тилекке каршы, көптөгөн оор кылмыш жасаган адамдар жаза жоопкерчилигинен жеӊил кутулуп кетип жатканын, алтургай, айрым кылмышкерлер сот органдары тарабынан бир эле эмес, көп жолу эч негизсиз бошотулган учурлар да жок эмес экенин кошумчалады. Эл өкүлдөрү ушундай мыйзамсыз жосундарга бөгөт коюу жаатында укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө тийиш.