0000022590-ukraina-vvp-1

Кыргызстандын экономикалык абалын ар түрдүү булактардан билип турсак болот. Ошону менен бирге эле мамлекет дагы ар бир кварталда өз жыйынтыктарын берип турат. Маселен, былтыркы жылкы 9 айлык жыйынтык боюнча ИДПнын өсүшү 9 пайызга жакын көрсөткүчтү берген.

Быйыл болсо, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча 2014-жылдын январь-сентябрындагы ИДПнын реалдуу өсүшү 3,0 пайыз деңгээлинде болду. Бул 2013-жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен 5,9 пайыздык пунктка төмөн, ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 266,6 млрд. сом деңгээлинде чыккан.

“Кумтөр” кен казуу ишканасын эсепке албаганда, экономиканын реалдуу өсүшү өнөр жайда 3,2 пайыз, курулушта 14,3 пайыз, кызмат көрсөтүүдө 2,7 пайызга көрсөткүчтү берди. Дүйнөлүк банк Кыргызстандын Ички дүң продукциясынын өсүшү жылдын аягына чейин 3 пайыз боюнча калаарын болжолдойт (таблицаны караңыз).

Албетте, 2014-жылга карата ИДПнын өсүш көрсөткүчү кандай болот деген суроо окурмандарды кызыктырат.

Экономика министрлигинин билдиргенине караганда, Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү 2015-жылы 6 пайызды түзөт деп болжолдонууда.

Ошол эле мезгилде Дүйнөлүк банк (ДБ) ИДП боюнча 2014-жылдын аягына чейинки КМШ өлкөлөрүнө карата божомолун чыгарды. Аны төмөнкү таблицадан салыштырып, анализ кылсак болот.

 

Өлкөлөр ИДПнын өсүшү, 2014-жылдын аягында
Түркмөнстан 10,4 пайыз
Өзбекстан 7,9%
Тажикстан 6,5%
Грузия 5,5 пайыз
Азербайжан 4,5%
Кыргызстан 3%
Армения 3%
Молдова 2%
Белоруссия 1,5%
Россия 0,5%

Азизбек Чамашев