эхино1

Кыргызстанда 2014-жылы   ооруну малдан  жуктуруп алгандардын саны  азайды,-деп билдирди Мамлекеттик фитосанитардык жана ветеринардык инспекциянын директору Самир Осмоналиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология  жана жергиликтүү өнүгүү боюнча комитеттин   жыйынында.  Бүгүн комитетте  республикабыздагы эпизоотикалык абал туурасында маселе каралды. Ошентсе да анын айтымында  малдан эхинококкоздун жугуу коркунучу дале жогору.  Бирок директордун бул билдирүүсүнө депутат Абдымиталип Кочкорбаев макул болбой  “2013-жылы  республикабызда  мал оорусунун жугушу  боюнча 136 учур, а 2014-жылы 296 учур катталса  кайдагы  азаюу жөнүндө айтып жатасыңар,-деп нараазыланды. Ал эми депутат Мамытбай Салымбеков  эхинококкоз менен ооругандардын саны жыл сайын өсүп жатканына карабай  инспекция тарабынан мунун алдын-алуу боюнча эч кандай чара көрүлбөй  жатканын   айтты. Ээси жок каңгып жүргөн  айбандарды атуу  жүргүзүлбөйт, эгерде силер ага каршы болсоңор  анын ордуна  оорунун жайылышына тоскоол болчу башка  ыкмаларды таппайсыңарбы, -деп кайрылды депутат.

Кошумчалай кетсек, республикабызда  туруктуу эпизоотикалык абалды  кармоо үчүн жыл сайын 300 мл.сом керектелет.  Азыркы учурда  жугуштуу  делген 22 оорунун   9нун алдын-алуу чаралары үчүн гана каражат бөлүнөт.

Комитеттин жыйынында депутаттар эпизоотикалык  абалды  жакшыртуу боюнча  инспекция ишин канааттандырарлык эмес деген жыйынтыкка келишти.

Бегим ТУРДАЛИЕВА