текебаев1

1-декабрда Жогорку Кеңештин «Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча» комитетинде «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып, бир добуштан колдоо тапты. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгы билдирди.

Биринчи мыйзам долбооору “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында иштелип чыккан жана айыл чарба багытындагы жерлердин бөлүнбөстүгүн жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорун жогоруда аталган комитет мүчөлөрү талкууга алып, азыр бул мыйзам өтө зарыл экени, анткени, учурда айыл-чарбасына ылайыкталган үлүш жерлерге мыйзамдуу да, мыйзамсыз да жолдор аркылуу турак жайлар, жеке менчик үйлөр курулуп жатканы негизги көйгөй болуп калганы баса белгиленди. Мыйзам долбоору дал ушуга бөтөт коюу менен, мамлекеттин негизги байлыгы болгон айыл-чарбасындагы жерди майдалап сатууга тыюу салынып,  ирилештирүүгө багытталыптыр. Мыйзамдын автору тарабынан 5 гектардан ылдый деген сан сунушталды, коомдук талкуулардан соң бул сан өзгөрүшү ыктымалдыгы айтылды. Жыйынтыгында, эл өкүлдөр тарабынан келтирилген айрым сунуш пикирлерди эске алуу менен комитет мүчөлөрү колдоп берди.

Экинчи мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Турак жай кодексине жана «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө», «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталды.

Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандарына жана башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандарына тиешелүү бир катар чектөөлөрдү алып салууга багытталган. Тагыраак айтсак, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей кыймылсыз мүлк (жер, үй, батир) маселесинде тең укуктарга ээ болуш керектиги, ошондой эле, мыйзам долбоору менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндөгү мыйзамдарга башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштеши, анын ичинде, саясий мамлекттик, муниципалдык кызматтарды, мамлекттик жана коомдук коопсуздук менен байланышкан түзүмдөрдөгү кызматтарды жана судьялардын кызматтарын албаганда, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчи кызматтарды ээлей алатургандыгы тууралуу ченемди киргизүү сунушталган.

Аталган мыйзам долбооруна айрым депутаттар этникалык кыргыздар үчүн гана деген сунушту жыйынга алып чыгуу өтүнүчүн келтиришти. Негизинен мыйзам долбооруна жакшы пикирлерин билдиришип, экинчи окуудан колдошту.