Шайназаров1

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Тынчтык Шайназаров Өкмөттүн, депутаттардын көңүлүн үй-бүлө ичиндеги кылмыш иштеринин көп кездеше баштагандыгына буруп, коңгуроо какты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттары үй-бүлө ичиндеги чыр-чатактар – атасы менен баласынын, энеси менен балдарынын же аялы-күйөөсүнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, натыйжасы кайгылуу окуялар бүткөн учурлар арбып бара жатканын жазып келишүүдө. ЖМК көтөргөн коомдун мындай жагымсыз окуяларынын келип чыгыш себептери Өкмөттүн, тиешелүү мекемелерин жыйындарында каралбагандыгын айткан Т.Шайназаров бул багытта профилактикалык иштер болбой жатканын белгиледи. “Үй-бүлөнүн баалуулугу боюнча телеканалдарда тарбиялык маанидеги берүүлөр болбой жатат”,- дейт депутат.