Бакир уулу

Мындай маселени депутат Т.Бакир уулу бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында Өкмөттүн астына койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттын айтымында, Кыргызстанда дары-дармектердин баасы 3 эсе кымбат сатылууда. Пенсионерлер, карапайым калк дары-дармек сатып алууга чама-чаркы жетпей калды.

Дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча КР Экономика министрлигинин, Дары-дармек департаментинин, Монополияга каршы кызматынын иштерин сынга алды.