Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн 30-октябрда Бишкекте АРИСтин “Айыл жергесин суу менен камсыздоо жана санитария” аттуу экинчи долбоорунун алкагында атайын техникаларды тапшыруу иш-чарасы болуп өтїп, 7 экскаватор, 30 мотороллер жана башка атайын техникалар долбоордун биринчи жана экинчи фазасына катышкан Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилди.

Техника тапшыруу иш-чарасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов ичүүчү суунун көйгөйүн чечүүнүн актуалдуулугун баса белгилеп: “Калктын саламаттыгы ичүүчү суунун сапатына көз каранды. Ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси айыл жергесиндеги калктуу пункттарда курч турат”,- деди ал. Ал тапшырылган техникаларды өз максатында колдонууга чакыруу менен мындай техникалар республиканын башка аймактарына дагы келишине каалоо-тилегин айтты.