Нышанов12

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов бүгүн, 27-ноябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Түз эфирдин жүрүшүндө комитет төрагасы малдын башын идентификациялоого республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгү жоктугун, бул максатта Өкмөт Польша Республикасы менен кызматташып жаткандыгын, маселе дээрлик чечилип калгандыгын маалымдады. Ал эми Жогорку Кеңеш 2014-жылдын апрелинде башталуучу идентификация процессин Өкмөттүн сунушу менен ушул эле жылдын ноябрына жылдырып бергендигин кошумчалады.

Угармандардын суроолоруна жооп берип жатып, “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоорунун максаттарын, милдеттерин түшүндүрүп, андагы талаш болуп келген Ветеринардык палата боюнча так жооп берди.

Ошону менен катар жакында эле Жапонияга Жогорку Кеңештин делегациясы менен барып келгендеги иш сапары тууралуу учкай маалымат берип, ал жакка Кыргызстандан көптөгөн экологиялык продукцияларды экспорттоого болооруна көзү жетип келгендигин айтып берди.

Мындан сырткары, депутат С.Нышанов угармандардын жайыт комитеттери, суу пайдалануучулар ассоциациясы сындуу агрардык тармакка тиешелүү жана бир катар социалдык суроолорун канааттандырды. Угармандарга жооп берип жатып, Кыргызстандын уникалдуу табыятында эт өнүмдөрүбүздүн экологиялык жактан тазалыгын белгилеп, “Азыртадан эт өнүмдөрүнүн сапатын аныктоочу эл аралык деңгээлдеги лабораторияларды куруп, экспортко даярданышыбыз керек”,- дейт.