Мадалиев

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Нуркамил Мадалиев балдардын, аялдардын зордук зомбулукка кабылып жатканын, жакынкы чыгышта болуп жаткан окуяларды айтып, аларды алдын алуу боюнча көз карашы ортого салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Мамлекеттик масштабда туура эмес моралдык тарбия иштери жүргүзүлгөндүктөн жогорудагыдай ар кандай көйгөйлөр чыгууда”,- дейт депутат. Диний аалымдар, анын ичинде экс-муфтий Ч.Жалилов диний маселелерди туура көтөрүп жаткандыгын айтып, ар кандай агымдар пайда болуп жатканын, бул акырындап жарыла турган минага айланаарын эскертип, муну токтотуп калууга мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады.

Н.Мадалиев диний маселелерге, диний билим берүүгө жеткиликтүү маани берилбей жаткандыгын айтып, Орусиянын патриархы менен мамлекеттик органдарынын байланышы сындуу дин жаатындагы жүргүзүп жаткан иштерин мисалга тартты. “Мындай маселелерди биздин мамлекет дагы колго алышы керек. Коомдук телеканалдардан ыйман сабагы өткөрүлүшү зарыл. Мындай маселелер бизге керек”,- дейт депутат.