Арипов(1)1

Баткен облусунун Лейлек районунда “Кыргызнефтегаз” ишканасы 1 жылда 16 миң тонна нефть өндүрөт. Бирок тиешелүү салыктар ошол жерге калтырылбай жатат.

Бул тууралуу депутат Назарали Арипов бүгүн, 5-мартта “”Ар түрдүү маселелер” саатында билдирип, Кайрагач айылынын жергиликтүү тургундарынын бир гана суранычы – типтүү мектеп куруп берүү болуп жаткандыгын айтты. Депутат Жогорку Кеңеш жыйындарынын биринде Өкмөт башчы да ишканадан түшкөн салыктардын эсебинен мектеп куруп берүү боюнча убада кылгандыгын эске салып, КР Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Мындан сырткары, Н.Арипов Жогорку Кеңештин Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кабыл алган токтомуна ылайык, бөлүнө турган каражаттардын кандайча жумшалаары боюнча маалымат берүүнү талап кылды.

Мектеп маселеси боюнча кайрылуу келип түшкөндүгүнө токтолгон депутат Роза Акназарова Кочкор районунун Ак-Жар айылынын сапатсыз курулуп, азыр окуучулар жеке үйлөрдү окуп жаткандыгын айтып, ата-энелердин нааразычылыгын билдирди. Ошону менен катар депутат Кыргызстанда гендер маселеси боюнча жасалып жаткан иштерди тизмектеп, май айында дагы аялдардын ишмердүүлүгү боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан өткөрүлө турган иш-чарага Өкмөттү көмөктөшүүгө чакырды.

Депутат Жылдызкан Жолдошова болсо Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Буура, Кыргызстан, Ак-Терек мектептери авариялык абалда экенин Өкмөткө эскертип өттү деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.