пар-

Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Мамытбай Салымбеков 4-февралда Жогорку Кеңеште Нарын облусунун Ат-Башы районунунакими баштаган айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууда «Ат-Башы республиканын 25% аймагын ээлегени менен эли аз, шарты катаал. Быйыл район эли 70 миллиондон ашык сомго чөп сатып алды. Эгерде Ички-Таш-Рабат каналы оңдолуп-түзөлсө, кошумча 3,5 миң гектар жерди суу басат эле»,-дейт Кара-Коюн айылдык кеңешинин депутаты Шамил Шайыков.

Депутат Мамытбай Салымбеков узундугу 36 км түзгөн аталган каналдын техникалык экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгууга жеке эсебинен каражат бөлүп берерин билдирди.

Андан сырткары ат-башылыктар жөлөк пул, мамлекеттик социалдык обьектилердин (мектеп, бала бакча, оорукана, ФАП) электр энергиясына болгон төлөмдөрүнүн туумдарын жою боюнча маселе көтөрүштү.

Белгилей кетсек, жолугушууга депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Майрамгүл Тиленчиева жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы билдирди.