КОсмоналиев1-11 КОсмоналиев1-

27-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, мданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев ЕККУнун Демократиялык институт жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) Бишкектеги кеңсесинин адам укуктары боюнча кеңешчиси Катинка Патшер, ЕККУ/ДИАУБдун Варшавадагы кеңсесинин Адам укуктары боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Омер Фишер жана ЕККУ/ДИАУБдун программалык ассистенти Маргарита Жесько менен жолугушту.

Комитет төрагасы К.Осмоналиев өзү жетектеген комитеттин ишмердүүлүгүнөн учкай маалымат берди.

Ал эми ЕККУ/ДИАУБдун өкүлдөрү Дин жана ынаным эркиндиктери боюнча эл аралык стандарттарды алга жылдырууга багытталган долбоордун алкагында келгендигин айтып, комитет төрагасын аталган долбоор боюнча кызматташууга чакырды. Ошондой эле долбоордун алкагында жыл соңуна чейин бир катар семинарларды, тренингдерди, “тегерек столдорду” өткөрүү пландары бар экенин ачыкташты.

К.Осмоналиев Кыргызстандагы дин жана ынаным эркиндиктери Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, мданият жана спорт боюнча комитети караган маселелердин бири болгондуктан, бул багытта кызматташууга даярдыгын, бул маселелер ага жакшы тааныш экендигин билдирди. “Дин жана ынаным, сөз эркиндиги Кыргызстандын Башмыйзамында белгиленген. Андыктан, дин, толеранттуулук башкы маселе”,- дейт комитет төрагасы К.Осмоналиев. Ал “Диний билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун демилгелеп, 1-окууда каралып жаткандыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында тараптар бул багытта тыгыз кызматташуу, белгиленген иш-чараларга жигердүү катышуу боюнча бир пикирге келишти деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.