Депутат Гүлнара Жамгырчиева (КСДП) бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда, Балыкчы шаарындагы эт комбинаттын ишин улантууну сунуштады.

Анын айтымында, ишкана совет мезгилинде жүздөгөн адамдарды иш менен камсыздачу.

«Караколдо дагы ишкана бар болчу. Азыр ишканалар иштебей жеке менчикке өтүп кетти. Өндүрүш кала берди. Биз бүгүнкү күндө жаңы ишканаларды куруп жатабыз. Эмнеге мындай ишканаларды кайра иштетте албайбыз? Эт комбинаты курулат деп айтып жатабыз. А эмнеге даяр өндүрүштү колдонбойбуз? Ал жакта жабдуу жана лабораториялар жок», – деди эл өкүлү.

Депутаттын билдиришинче, ишканалардын кайрадан ишке киришинен бюджетке көптөгөн салыктар түшмөк. «Менин өкмөткө суранычым бар, бул маселени карап коюңуздар. Бул элге жардам кылып жана иш берет»,- деп кошумчалады ал.