Исаков1

 Бүгүн, 25-февралда парламенттин отурумунда, депутат Эсенгул Исаков («Ар-Намыс»), Кыргызстанда эшектердин эти пайдаланылгандыгы жөнүндө маалыматты талкуулоону сунуштады.

Депутат кечээ, ЖМКдан эшектердин эти колдонулгандыгы тууралуу маалымат тарагандыгын белгилелди.

«Бул линияга коюлгандай таасир калтырат. Кайсы учурдан бери бул эт пайдаланылган, маселени иликтеш керек. Бизде эле колдонулганбы же башка мамлекеттерге да жөнөткөнгө жешишкенби? Ветеринардык кызматты, Айыл-чарба министрилигин жана вице-премьерди чакырыш керек», – деди ал.

Депутат Исмаил Исаков, бул маселени биринчи болуп көтөргөн КТРКнын журналисттерин чакырууну сунуштады. «КТРКнын бул репортажы, каналдын коомдук канал экендигин көрсөттү. Алар маалыматты кайдан алышкандыгы жана эмнеге биздин коопсуздук кызматындагылар бул тууралуу билишпей тургандыгы жөнүндө сураш үчүн, репортажды даярдаган кабарчыларды чакырууну сунуштайм», – деди ал.