Депутат Дастан Бекешев («Ар-Намыс») Кыргызстанга кылмыштардынайрым түрлөрү үчүн ур-токмокко алуу менен жазалоо практикасын киргизүүнү сунуштады.

Бүгүн, 27-ноябрда парламенттин отурумунда депутат камалгандардын саны өсүп жактандыгын белгилеп, «Түрмөлөр толгон. Дайыма эле мунапыс киргизүү вариант эмес. Мен бардык социологдорго, юристтерге, өкмөткө жана парламентке Кыргызстанга жаңы, ур-токмок менен жазалоо институтун киргизүүнү ойлонууну сунуштайм. Мен колун кесип салалы деген жокмун. Бирок мындай практиканы Сингапурдун мисалында, ээнбаштык, алдамчылык, ууручулук сыяктуу кылмыштарга карата киргизсек болот. Мисалы Сингапурда, эгер жаран жол кыймыл эрежесин олуттуу түрдө бузса, анда аны 5 сокку менен жазалашат. Бул багытта бирдеме кылса болот. Бул коомду моралдык жактан тарбияланууга жана каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет»,- деди депутат.