миңжылкиев

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бүгүнкү, 30-декабрдагы жыйынында СССРдин эл артисти, КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты  Болот Миңжылкиевдин  мемориалдык айкелин орнотуу демилгеси жактырылды. Маселенин демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы  билдирди.

Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиевдин айтымында, дүйнөлүк опера искусствосуна жана кыргыз маданиятына зор салым кошкон Болот Миңжылкиевдин эстелиги Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Мариин театрынын алдында орнотулмакчы. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүндө аталган театрда солист болуп иштеген.

Комитет мүчөлөрү мындай демилгени бир ооздон колдоо менен Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечимин кабыл алышты.

Маалымат үчүн: 2015-жылы Болот Миңжылкиевдин  туулган күнүнө 75 жыл болот. Б.Миңжылкиев көптөгөн өлкөлөрдүн театр сахналарында кайталангыс жагымдуу үнү менен миллиондогон көрүүчүлөрдүн, угуучулардын алкоосуна арзыган. СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти деген наамдар ыйгарылган. Ал бир катар орден-медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин  бир нече чакырылышына депутат болуп шайланган.