билл гейтсАмерикалык Билл Гейтс аттуу жаран дүйнөнүн эң бай адамы деп таанылды. Бул тууралуу америкалык “Форбс” журналы жазып чыккан. Анда жазылгандай, Гейтстин байлыгы акыркы бир жыл ичинде эле мурдагы байлыгына дагы үч миллиард долларга көбөйүп, 79 миллиард долларга жеткен. “Муну менен Гейтс мексикалык ишкер Карлос Слимди басып өттү”,- делет.
“Форбс” журналынын эсебинде, дүйнөдө азыр 1 826 миллиардер бар болсо, былтыр алардын катарын дагы 181 миллиардер толуктаган. Айта кетүүчү дагы бир жагдай, мурда миллиардер деп табылгандардын 138и тизмеден чыккан.
Дүйнөнүн эң бай адамдарынын 15и Кошмо Штаттарда жашайт. Ошондой эле журнал миллиардерлердин 46сы 40 жаштан төмөнкү куракта экендигин да жазып чыкты.
Динар Турдугулова