скупой
Кээ бир байлар үчүн акча тапкан оңой-олтоң иш болгондуктан, күнүмдүк жашоосунда каражатты үнөмдөгөндү жакшы биле беришпейт. Бирок, тапканынын бирин эки кылып, сарамжалдоону билген үчүн бат эле миллионер, миллиардер болуп чыга келишкендерин да айтып жүрүшөт. Мындайлар көбүнчө Африка, Америкада көп кездешет. Маселен, АКШнын ар бир төртүнчү миллионери баасы 100 доллардан кымбат эмес бут кийим кийишет экен. Ал эми ар бир онунчу миллионери 200 доллардан ашык костюм алышпайт. Миллионерлердин дээрлик тең жарымы 240 долларлык саат тагынышат. Ар бир үчүнчү миллионер эски делген үч жылдык машинени минишет. Ал тургай, ошол миллионерлердин арасында өзүнүн байлыгына чиренбей көпчүлүк кийген арзан кийимдерди кийип, арзан тамактарды ичкендери да бар. Буларды Азияда жашаган байлар “чокнутая” дешсе, карапайымдар “апенди” дешет тура. Айтор, биз бул жолу дүйнө жүзүндөгү өздөрүнүн баскан турганынан, жада калса тамак-ашынан да каражатын үнөмдөгөн миллиарддардын ээлери болгон бай адамдар туурасында сөз кылууну туура көрдүк.
Энесинин зыкымдыгынан баласы бутунан айрылат
Генриетта Хоуленд Грин Африкада XX кылымда атактуу финансист болуп иштеп, байлык топтогон аял. Байлыгынын баасы миллиондорду чапчыган. Бирок, аны дүйнөдөгү эң сараң миллионерлердин катарына кошушкан. Анткени, бул аял өлгөндөн кийин (1916-жылы) артында 20 миллиард доллары калган экен. Тарыхта, ал тууралуу көп нерселер айтылат. Айтсак, ал өзүнүн акчасын үнөмдөш үчүн таруу боткосун батареяга жылытып жечү экен. Себеби, ал ошол кездеги заманбап мештерди өтө кымбат деп эсептеген. Анан да өмүр бою эң арзан үйдө жашаган экен. А чынында, өзү ошол кездеги Чикагодогу бир кварталдын кожоюну болчу тура. Бир жолу анын өтө сараңдыгынын, зыкымдыгынын зыянын баласы тартат. Уулу бутун оорутуп, ириңдетип алганда, бекер оорукана издеп, үч күн өтүп кеткендигиктен, уулу гангрена оорусуна чалдыгып, натыйжада, буту кесилген.

Туткундагы небересин да куткаргысы келбеген
Нефть падышасы атыккан Джон Пол Гетти мындан 30 жыл илгери 4 миллиард доллары менен дүйнөдөгү эң бай адам деп табылган. Ал да бардык нерсени өтө үнөмдөчү. 1973-жылы анын небереси Джонду кимдир-бирөөлөр уурдап кетип, 17 миллион доллар талап кылышат. Бирок, сараң чоң ата ал сумманы төлөөдөн баш тарткан. Ошондо, уурдаган адамдар небересинин бир кулагын кесип, конвертке салып жибергенде гана ал аргасыздан акча төлөөгө мажбур болгон. Анда да айтылган сумманы эмес, болгону 2,7 миллион доллар гана берген.

Дайыма көчөдөн тамактанган миллиардер
Дагы бир америкалык финансист Уоррен Баффет 44 миллиард доллары менен дүйнөлүк миллиардерлердин катарын толуктаган. Мынча байлыгы менен эски унаа айдап жүргөнү көпчүлүктүн көңүлүн бурчу. Болбосо, менчик учагы бар. Өзүнүн кара курсагынан да каражатын аягандыктан, дайыма көчөдөн арзан ашканаларга кирип тамактанчу.

Акчасын аяп, өз аймагында гана эс алган миллиардер
IKEA компаниясынын түзүүчүсү Ингвар Кампрад мектепте 3-класста окуп жүргөндө эле карандаштарды дүңү менен сатып алып, классташтарына кайра үч эсе кымбат сатып, ошондо эле акча чогултканды үйрөнгөн. Азыр анын 28 миллиард доллары бар. Бирок, ушунча акчасыь болгону менен азыркыга чейин арзан ресторандарда тамактанып, арзан мейманкана жана арзан коомдук транспортторду пайдаланат. Щвециялык бул миллиардер жумушунан өргүүгө чыкса, каражат сарптап, башка жакка барып эс алгыча, ошол эле аймактагы көлмөлөргө барып, балык уулап өткөрөт экен.

Акча үчүн итке да турмушка чыгууга макул болгон
Ал эми америкалык 23 жаштагы актриса Уэнди Доркас миллионер-кинорежиссер Роджер Доркаска турмушка чыккан. Роджер аялынан бир топ жашка улуу болчу. Куйоосунун ар бир центти эсептегенинен тажап, карт күйөөсүнүн өлүмүн тилечү. Ошентип, 1 жылдан кийин күйөөсү каза болот. Тилекке каршы, Уэндиге болгону бир эле цент мураска калган. Калган 64 миллион долларды режиссер өзүнүн ити Максимилианага калтырганын көрүп, жүрөгү жарылып кете жаздайт. Жергиликтүү сот да миллиондорду иттин кызыкчылыгына чечип берет. Себеби, Роджер итин АКШнын жараны катары каттатып документ алып, ошонун эсебине банктан эсеп-кысап кылчу экен. Бардык документтер жайында болгондуктан, эмне кылаарын билбеген жесир аял, ошол итке да турмушка чыгууга макул болуп, расмий түрдө катталышат.
Даярдаган Динар Турдугулова