Бүгүн, 20-февралда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин коргоо жана кайтарууга алган Ош чек ара кошуунунун «Карашыбак» чек ара тозотунда жаңы кызматтык имараттын ачылышы болууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдады.

Ачылыш аземге Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Алимбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Чек ара объектилеринин курулушу Кыргызстандагы АКШ элчилигинин көмөгү жана АКШнын борбордук кол башчылыгынын баңги заттарга каршы күрөшүү программасынын алкагында 2013-жылдан тарта башталган.

21

4

3