чекарачы апа

Баткен районунда Тажикстанга чектеш Чек-Дөбө деген чакан айыл бар. Мындан 24 жыл мурда чек арада чеп болсун деп, жергиликтүү бийлик Шаар апаны бул жерге көчүрүп келишкен. Андан бери канча жолу коңшулар кодуласа да, айтканынан кайтпаган, Шаар эне кыргыз жерине кадам салдырбай жашап келет.

Чек ара кайтарган Баткендик баатыр энени бул жердегилер чек арачы апа деп коюшат. Канча жолу коңшу тажик жарандары биздин жолубузду тородуң, кеткин дешип, кыр көрсөткөндөрүнө карабастан, чек ара кайтарган эне таш койгонго таш коюп, кыш койгонго кыш коюп ушул жерде жашап келет.

Тажикче суудай билип, тажиктер менен аралашып өскөн бул апанын эрдигине кезегинде Өкмөт башчы болуп турган Феликс Кулов да таазим кылып, 100 миң сом акча бөлгөн. Өкүнүчтүүсү, бөлүнгөн бул акча ошол кездеги жергиликтүү бийликтин адилетсиздигинен улам Шаар апага эмес, башкага тийген.

Азыр да коомчулуктун көңүлүн өзүнө бөлүп турган бул аймактагы чек арачы апанын жашоо турмушу чек арачылардан кем эмес. 1990-жылы Шаар апа Тажикстандын Чорку айылына жакын Чек-Дөбөгө көчүп келбегенде, тажик жарандары эбак эле бул аймакка отурукташып калмак.

 Адылбек АКМАТОВ, Баткен