мушташ1

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөлөтов орто мектебинин 10-11-класстын окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, 10-класстын окуучусу Ашырбек уулу Адылбек каза болгондугу айтылууда.

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Муратбек Досматовдун айтымында, 2014-жылдын 21-январь түнү 10-11-класстын окуучулар арасында мушташ болгон.

Каза болгон окуучуну классташ балдары тез жардам кызматына алып келишкен. Бирок кеч болуп калган.

«Милиция кызматынын алдын-ала берген маалыматтары боюнча баланын денесинде мушташтан так жок деп жатышат. Чаткал районунда соттук медициналык экспертиза жоктугуна байланыштуу, Ала-Бука районунда алып барып келишти. Учурда ыкчам териштирүү иши жүрүп жатат», -дейт Муратбек Досматов.

Булак: Turmush