балдар коому

 Бүгүн, 30-октябрда Чүй облустук китепканасы Ново-Покровкадагы «Алтын уя» боорукердик коомунун үйүндө окуган 30 балага англис тилин окутуу Access программасынын ачылышын өткөрөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

АКШ элчилигинин маданият жана билим берүү программалар боюнча кеңешчиси Рэй Нэйлер, ушул интенсивдүү эки жылдык программага ийгиликтүү өтүшү үчүн 30 окуучуга сертификат тапшырат.

Access программасынын ушул жылкы он бүтүрүүчүсү өздөрүнүн тажрыйбалары менен алмашышат.

Маалымат:

АКШ Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган жана АКШ элчилиги менен Чүй облустук китепкана тарабынан ишке ашырылган Access программасы аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөн чыккан 13-15 жаштагы өспүрүмдөргө англис тили боюнча эки жылдык окутуу курстарды тартуулайт. Access программанын окуучулары сабактан кийинки курстар, интенсивдүү жайкы сессиялар, маданий чаралар жана билимин жогорулатуу семинарлар аркылуу англис тилин окушат, Американын маданияты менен жакыныраак таанышат жана маданияттык өзгөчүлүктөр жөнүндө жакшыраак түшүнүк алышат.

Программанын максаты – окуучулардын турмуштагы экономикалык мүмкүндүктөрдү кеңейтүү жана алардын Америкадан же башка өлкөлөрдөн жогорку билим алуу атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу.