Кытай жараны башкарган унаа жол тосмосун сүзүп айдоочу менен жүргүнчү каза тапты

 23-декабрда болжол менен саат 20:30 чамасында Балыкчы-Кубакы-Торугарт автожолунун 1-чакырымында Кытайдын жараны 50 жаштагы Хиянг «Хово» унаасын Бишкек багытын көздөй айдап бара жатып жол четиндеги тосмолорго (бетон тосмолор) өтүп кеткен. Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен улам алган жаракаттарынан…
Толугу менен »

Тогуз-Торонун Казарман айылындагы сарайдан өрт чыгып, 15 баш кой күйүп кетти

 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын Сагынбаев көчөсүндө жайгашкан мал сарайдан өрт чыгып, анын ичиндеги 15 баш кой, жанаша жайгашкан 20 чарчы метр үйдүн чатыры, эки бөлмөсүнүн жыгач шыбы, 3 терезе жана эшиктери күйүп кетти.…
Толугу менен »

Ала-Бука районундагы аскер бөлүгүндө капитан лейтенантты атып алып, жаракат алган лейтенант ооруканага жетпей каза болду

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы аскердик бөлүгүндө капитан лейтенантты атып алды. Жаракат алган лейтенант ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Окуя кечээ, 11-декабрда кечке маал катталган. КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан бул маалыматты…
Толугу менен »

Бишкекте жарылган суу түтүгү оңдолууда

Бишкектеги Алматы жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жарактан чыккан суу түтүгү оңдолуп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. Учурда жарылган суу түтүгүн жамоо иштери жүрүүдө. Бүгүн түшкө маал шаардын жылуулук системасынын түтүгү жарылып, көчөнү ысык суу каптаган…
Толугу менен »

Чоң-Алай районундагы бала бакчалардын биринде өрт чыкты

Чоң-Алай районундагы бала бакчалардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 9-декабрь күнү аталган райондун Кызыл-Эшме айылындагы бала бакчада болгон. Анда от жаккан жерде 6 чарчы…
Толугу менен »

Токмок-Бишкек жолунда жол транспорт кырсыгына катышкан кичи автобус оодарылып кетти, каза болгондор бар (фото)

 Кечээ, 7-декабрда Токмок-Бишкек унаа жолунун 37-чакырымында, Элебесов көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде «Тойота Калдина» үлгүсүндөгү унаа менен «Мерседес Спринтер-Бусс» унаасы катышкан жол транспорт кырсыгы катталып,  кичи автобус оодарылып кетти. Окуяга күбө болгон окурман бул тууралуу «Репортерго»…
Толугу менен »

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда куткаруучулар билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 7-декабрь күнү саат 09:00 чамасында аталган унаа жолунун 37-чакырымында болгон. Анда кичи автобус менен…
Толугу менен »

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты

Бишкек-Ош унаа жолунун Ош багытына кеткен жолдун 531-чакырымында 4-декабрь күнү саат 07:30 чамасында жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны 26 жаштагы…
Толугу менен »

Бишкекте өрт кырсыгы чыккан турак үйдөн 2 адамдын түтүнгө ууланган жансыз денелери табылды

 Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №151 дарегинде жайгашкан 6-батирден өрт чыгып, түтүнгө ууланган эки адамдын жансыз денелери табылды. Бүгүн, 5-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган даректеги үйдүн ээси 38 жаштагы Казанин Сергей Борисович жана…
Толугу менен »

Казакстандын аймагында болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен КРнын эки жараны каза болуп, бир жаран ооруканага жаткырылды

 Казакстандын Акмолин облусунун аймагында болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эи жараны каза болуп, эки адам жаракат алды, деп маалымдайт CA-News. Облустук ички иштер департаментине шилтеме берүү менен маалымдалгандай, аталган кырсык кечээ, 3-декабрда Жаксын…
Толугу менен »

Өрт кырсыгынан сактаналы

Аламүдүн районунда 2014-жылдын 4-декабрында саат 00:28де Кара-Жыгач айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан № 2 үйүндө өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган аянты 100м² чатыры, үй эмеректери, кийим кече жана документтер күйгөн.…
Толугу менен »

Бишкекте 25 жаштагы айдоочу жарнама тактасын сүзүп, каза болду

 Бүгүн, 3-декабрда саат 02:20да Бишкек шаарынын Юнусалиев көчөсүндө түндүк тарапты көздөй бара жаткан «Хонда Торнеонун» айдоочусу жарнама тактасын сүздү. Бишкек ШИИББдин жол кайгуул кызматынан билдиришкендей, 25 жаштагы Б.Э. аттуу айоочу алган жаракаттарынан улам ошол жерден…
Толугу менен »