кыргызтил

Кыргыз тили – кыргыздардын эне тили, түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Кыргыз тили 1924-1927-жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1941-жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1935-жылы кыргыз тилинин алфавитин кириллицага өткөрүү боюнча катуу талкуу жүрүп, 1941-жылдан тартып кириллица жазуу системасы колдонулууда. Жазуу системаларынын өзгөрүшү менен бирге кыргыз тилинин орфография эрежелери да улам такталып келе жатат. Кыргызстандын калкы 5 эле миллион, анын дагы таза кыргыздар 3 -3,5 миллион болгон жөнөкөй гана өлкөбүз.  Өз тилибизди, маданиятыбызды, каада-салтыбызды, урп-адаттарыбызды, улуттук намысты коргоо ар бирибизден көз каранды. Жер шарындагы 6 миллиарддан ашык эл болжол менен 6 миң тилде сүйлөйт.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА