куручӨткөн жумада Ош жана Өзгөн шаарларында   аталган иш-чара болуп өттү. Ага Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Корея, Кытай жана Жапон өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр, жалпысынан 5 миңге чукул адам катышты. Фестивалдын негизги максаты күрүч өстүрүү чарбасына, күрүчтү багып-өстүрүүнүн сырларын жана кыргыз жериндеги өстүрүлгөн күрүчтүн түрлөрү менен сапатына коомчулуктун көңүлүн буруу, жергиликтүү күрүчтөрдү чет өлкөлөргө экспортко чыгаруу болуп саналат. Иш-чара КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин уюштуруусу, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин жана бир катар эл аралык уюмдардын колдоосу менен өткөрүлдү.

Фестивалдын катышуучулары күрүчтөн жасалган тамак-аштын түрлөрүн тартуулашты. Алар өз өлкөсүндө күрүч кандай өстүрүлөт, канча түрү бар жана ага кандай техникалар тартылаарын айтып беришти. Ошондой эле күрүч талаалары менен тегирмендери иш жүзүндө көрсөтүлдү. Жергиликтүү дыйкандар күрүчтү өстүрүү менен жыйнап алуунун илгертен келе жаткан салттарын оюн зоок аркылуу чагылдырышты.

Бактыгүл Кулатаева