жаш

Учурда дүйнөдө жалпы саны 1 миллиарддан ашкан жаштар мобилдүүлүгү, интеллектуалдык жандуулугу, ден соолугу жагынан калктын курактык башка катмарынан айырмаланып турарын эч ким танбайт. Жалпы философиялык көз караштан алганда жаштык курак келечекке умтулган мүмкүнчүлүктөрдүн учуру. Немец социологу Карл Мангейм: “Өтө зарыл өзгөрүүлөр талап кылынган жагдайларда жаштар алдыңкы планга чыгуучу резерв. Динамикалуу коом эртеби же кечпи жанданууга мажбур болот. Жаштар социалдык турмушка кан жүгүрткөн, ар кандай жаңы башталыштарга даяр күч” деп айткан экен.

Өлкөнүн узак мөөнөттүү социалдык, экономикалык жана маданий өнүгүүсүн, эл аралык атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жана улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында ар бир мамлекет жаштардын турмушта татыктуу ордун табуусуна бардык мүмкүнчүлүктөр менен шарттарды түзүп берүүсү зарыл.

Жаштарды коомдук турмушка аралаштыруу, алардын интеллектуалдык кудуретин ачып, коом кызыкчылыгына пайдалануу мамлекет жетекчилеринин башкы милдети болуп саналат.

Туруктуу коомдо улуу муундун акыл куржуну көбүрөөк пайдалуудай сезилет. Албетте, жаштар үчүн улуу муундан үйрөнүүчү турмуштук толгон-токой тажрыйба жетиштүү. Бирок, кыргызда “акыл жаштан, асыл таштан” деп айтылат. Ошентсе да, коомубуз “али жаш” деген стереотиптүү көз караштан арыла албай келе жатканын моюндоо зарыл.

Америкалык социолог Маргарет Мил аныктагандай, муундар арасындагы мындай постфигуративдик мамилелер жаштардын инновациялык жигерине бөгөт болгон жагдайлар чынында арбын.

Деген менен соңку учурда улуулардын да жаштардан үйрөнө баштаган префигуративдик мисалдарын көз жаздымда калтырууга болбойт. Калыстык үчүн кошумчаласак, калыптанган эски салттан радикалдуу баш тартууга да, жаңы көз караштарды да көңүл сыртында калтыруу мүмкүн эмес.

Ушул өңүттөн өлкөбүздөгү коомдук турмуштун бардык тармагына көз чаптырсак  соңку учурда муундардын кескин алмашуусу жүрүп жаткандыгы байкалат.

Маселен, өлкөбүздүн банк системасында, жогорку окуу жайларда окутуучулук жана башка жетекчилик кызматтарды аркалаган жаштардын арбын экендиги азыр эч кимди тан калтырбайт.

Кечээ жакында эле 50 жаш курактагылардын саясатка аралашуусу, райондук, облустук масштабдагы жетекчилик кызматтарды ээлөөсү чоң жаңылык катары кабылданса, бүгүн бийликтин жогорку тепкичине 30-35 жашында көтөрүлүү сенсация деле эмес.

Мындан жети жыл илгери Дмитрий Медведев 42 жашында Президенттикке шайланганда, аны Орусиянын соңку 100 жылдагы эң жаш башкаруучусу деп жазышканы эсибизде.

Ошол эле учурда Бутандын бешинчи королу Джигме Кхесар Намгьял Вангчукту дүйнөдөгү эң жаш мамлекет башчысы деп аташкан. 2006-жылы 28 жашында бийликке келгенден кийин ал өлкөнүн саясий түзүлүшүн абсолюттук монархиядан конституциялык системага өзгөртүп, башкаларды таңдандырган. 2011-жылы Түндүк Кореяда бийлик 28 жаштагы Ким Чен Ындын колуна тийди. Ал азыр дүйнөдөгү эң жаш мамлекет башчысы болуп эсептелет.

Кыргызстанда бийлик тизгинин Намгьял Вангчук жана Ким Чен Ын сыяктуу жаштар колго алышы мүмкүнбү, ошондой камчыга сап, мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалап кетүүгө даяр кыз-жигиттер барбы деген суроо жаралат.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн демекчи, турмушка көзү эртелеп каныккан андай билимдүү жаштар арбын. Келечекке умтулган алардын бир катарын мамлекеттик бийликтин ар кыл бутагынан табууга болот. Мисалы, Жогорку Кеңеште курагы 30-38 жаштын айланасындагы Жоомарт Сапарбаев, Ыргал Кыдыралиева, Майрамбек Расулов, Наталья Никитенко, Данияр Тербишалиев, Бактыбек Калмаматов, Дастан Бекешев, Ширин Айтматова өңдүү бир топ жаш депутаттардын ысымын атоого болот.

Аткаруу бийлигинин курамына бир аз мурдараак кошулган жаш министр Айбек Азыранкуловду эске албаганда, министрлик, орун басарлык, статс-катчылык кызматтарды аркалап жатышкан бир топ кадрларды да “карылардын” катарына эсептөө эртелик кылат. Негизи, турмуштук бай тажрыйба болуш керек деп айрымдар чыргоолонгон менен укук коргоо системасын жетектөөгө да жаш кадрлардын тандалып жатышы колдоого арзыйт. Айтсак, бир топ күн мурда кызматтан кеткен Аида Салянованын ордуна Генпрокурорлукка жаш муундун өкүлү Индира Жолдубаева дайындалды.

Мамлекеттик органдарды реформалоонун алкагында жаштарды жогорку жетекчилик кызматтарга тартуу өлкөбүздүн саясий элитасын алмаштыруунун, системага жаңы кан куюунун аракети деп түшүнсөк, Индира Жолдубаеванын Генпрокурорлук кызматка келиши Өлкө башчысы кабыл алган туура чечимдердин бири десек болот. Иликтеп көрсөк, азыр президенттик администрацияда жана Өкмөт аппаратында иштеп жаткан кызматкерлердин 30%дан ашыгын 30-38 жаштагылар түзөт экен. Маселен, КР Президентинин Администрациясында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков сыяктуу идиректүү жаштар бар. Бул жигиттин мамлекеттик кызматтагы келечеги кең экендигинен күмөн саноого болбойт. Өлкө башчысынын басма сөз катчысы кызматын аткарып келген 35 жаштагы Кадыр Токтогулов жакында эле Америка Кошмо Штаттарына элчилик кызматка аттанды. Четинен санап олтурса, мындай мисалды ар тармактан жана бийликтин бардык бутагынан табууга болот. Демек, кааласак да, каалабасак да табият өз мыйзамын таңуулап, коомубузда муундардын алмашуусу жүрүүдө. Эң башкысы – жогоруда белгилегендей эскилерди жерибей, жаңыларга жүз үйрүбөй, өлкөбүздүн эртеңкисине кам көрүүнү үйрөнгөнүбүз туура.

Кеп соңунда дагы бир ирет “акыл жаштан, асыл таштан” демекчи, белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абдыкадыр Орозбеков Кыргызстанды 26 жашында башкарса, кыргыздын дагы бир чыгаан уулу Исхак Раззаков 39 жашында Өзбекстандын Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагалыгына, 40 жашында Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчылыгына дайындалгандыгын, кыргыз саясатынын патриархы Турдакун Усубалиев да 40 жашында бийлик тизгинин колго алып, республикабызды 24 жыл жетектегендигин эске сала кетели. Ал эми Усубалиевдин кадрлары эсептелген мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Эсенбек Дүйшеев 39 жашында Компартиянын Ысык-Көл облустук комитетинин биринчи катчысы, Арстанбак Дүйшеев 25 жашында совхоздун директору, 30унда райкомдун биринчи катчысы, 36 жашында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы, Темирбек Кошоев 37 жашында партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

Атай АЛТЫМЫШЕВ