паспорт
 Бишкек шаарынын Чолпон-Ата көчөсүндө жайгашкан Мамкаттоонун паспорттук-визалык жана каттоо кызматын көрсөтүүчү аймактар аралык бөлүмү жаңы дарекке көчтү.

Аталган бөлүм учурда Манас проспектиси №98 дарегинде иш алып барууда, деп маалымдайт бүгүн, 12-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы.

Паспорттук-виза жана каттоо кызматы боюнча аймактар аралык бөлүм Кыргызстандын башка аймактарында катталып, бирок Чүй облусу менен Бишкек шаарынын аймагына келип, жашаган жарандарга паспорт берүү кызматын көрсөтөт.

Ошондой эле, жарандар үчүн даректик маалымкат берүү, сүрөт чыгаруу жана паспорт үчүн төлөм алуу кызматтарын көрсөтөт.