Бишкекте Жалал-Абад облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Т.Гиязов кармалды. Бул тууралуу кечээ, 28-октябрда Жалал-Абад облусунун прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Т.Гиязов Кадыржан Батыровдун мүлкү боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Учурда ал Сузак райондук сотунун чечими менен 1 айга камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Облустук прокуратура “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: super.kg