Бишкекте Улуттук госпиталдын аймагынан айына жетпей төрөлгөн эки наристенин жансыз денелери табылды
Бишкекте айына жетпей төрөлгөн балдардын жансыз денелери табылгандыгын 5-февралда шаардык милициядан маалымдашты.
Анын маалыматына ылайык, 102 линиясы боюнча Улуттук госпиталдын аймагындагы трансформатордук станциянын жанынан эки наристенин жансыз денелери салынган желим баштык табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
1-май РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу аталган жерге барып, айына жетпей төрөлгөн эки наристенин сөөгүн табышкан.
«Киндиктери кесилген. Алдын ала маалыматтар боюнча бирөөсү бала, экинчисинин жынысы азырынча аныктала элек», – деп билдирди милиция кызматкерлери.
Айына жетпей төрөлгөн наристелердин өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Аталган факт боюнча иликтөөлөр башталды.
Комментарий кошуу