31-октябрда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында сахна ханышасы, театр жана кино жылдызы, айтылуу Соң-Көл чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган кече өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек айылында туулган.

1960-жылы 16 жашында “Салиманын ыры” аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островсөрү институтунун “Драма жана кино актеру” факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.

Т.Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал “Ак Мөөр”, тасмасында башкы каармандын, “Кызыл алма” фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон.  Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан.

таттыБулак: super.kg