сом1

 Бүгүн, 29-декабрда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы, шаардык милиция кызматкерлери жасалма акча пайдаланган адамды кармашканын билдирди.

27-декабрда шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө бишкектик тургун жасалма акча алмаштырууга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Болжол менен саат 14:30 чамасында 22 жаштагы К.Р. 1000 (бир миң) сом номиналындагы акчаны алмаштырууга аракет кылган. Акча жасалмалуугу шек жаратып, детектордо текшерүүдө акчанын жасалмалуулугу аныкталган.

Алынган акча иликтөөгө жөнөтүлдү.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.