бала

Борбор калаада мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Айдар Аскарбеков изделүүдө. Бул тууралуу  26-декабрда жоголгон баланын туугандары билдирди.

Маалыматка ылайык, жоголгон бала 25-декабрда мектепке кетип, ошол бойдон үйүнө кайтып келген эмес. “Айдар №56-мектептин аймагынан жоголууда. Ал үстүнө кочкул жашыл түстөгү күрмө, ак түстөгү көйнөк, боз свитер, кара жынсы шым жана башына кара топу кийип жүргөн. Анын өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, башында 2 сантиметрдей тырыгы бар”,- деп билдиришти туугандары.

Жоголгон баланын туугандары бул бала тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, төмөнкү номурларга кайрылууну өтүнүшөт: (0552) 70-52-52, (0773) 73-06-58.

Булак: super.kg