Койчиев
Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери, Бишкекте кыздарды алдоого шектелген 1992-жылы туулган Койчиев Алтынбек Бакытовичти кармашты. Бул тууралуу бүгүн Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жигит социалдык тармактарда кыздар менен таанышкандан кийин жолугушууга чакырган. Жолугушууда ар кандай шылтоолор менен уюлдук телефондорун алып, андан кийин жашырынып кетчү. Азыркы учурда кармалган жигиттин мындай 7 фактыга катыштыгы аныкталды. Бирок алдын ала маалыматтар боюнча фактылар мындан да көп.

Милиция, эгер Койчиевдин аракеттеринен жабыркагандар болсо Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө башкармалыгына 0705 77-43-77, 0772 75-53-58 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.