Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракеси белгиленди. Салтанаттуу иш-чарада КРнын Ички иштери министри Мелис Турганбаев, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Бишкектин шаардык прокуратурасы жана УКМКнын шаардык жетекчилиги укук коргоочуларга куттуктоо сөздөрүн айтып, мыкты милиционерлерди медалдар жана баалуу белектер менен сыйлашты.

М.Турганбаев өз сөзүндө милиция кызматкерлерин куттуктап, төмөнкүлөрдү айтты: “Биздин кызматыбыз кооптуу жана татаал. Элибиздин тынчтыгын сактоого умтулуп, өз саламаттыгыбызды жана айрым учурларда жашоолорубузду тобокелге салабыз. Күндөн-күнгө биз элибизге жакын болуп жатабыз. Буга ар бириңер өз салымыңарды коштуңар”.
Мэр К.Кулматов шаардыктардын коопсуздугун коргогон милиция кызматкерлери күнү-түнү өз ден соолуктарын аябай иштегенине ыраазы. “Силердин жумушуңар айрым учурларда байкалбай, туура баа берилбей калат. Буга карабастан коом тарабынан силерге ишенич жогорулап жатат”,- деди ал.
Эскерте кетсек, 1924-жылдын 1-ноябрында Кара-Кыргыз автономдуу облусунда Башкы облустук милиция башкармалыгы түзүлгөн. Ал учурда Кыргызстан Орусия империясынын курамында болгон.